www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, вице-спикер, коомдук жана саясый ишмер, “Мээримбек” кайрымдуулук фондунун президенти Надира Нарматова учурдагы саясый кырдаал боюнча өз ой-толгоосун жазды. Анын жазганы төмөндө толугу менен:
"Өлкөдө саясат адабият менен маданияттан да көп сүйлөнсө, ал өлкө эң артта калган өлкө болуп эсептелет"- деп, бир акылман айткан экен. Анын сыңарындай, учурда өлкөбүздө 7 жаштан 100 жашка чейинки адамдар саясат талкуулап, ушул сөзгө ылайыктуу акыбалга кептелдик.
Реалдуу жашоонун ачуу чындыгы ушундай. Кудайдан жашырбаган, бири бирибизден жашырабызбы? Түшүнгөнү да, түшүнбөгөнү да саясатчы болуп, саясатты талкуулайт. Жооптору даяр, комментарий жазып, пост коюп, айласы кеткенде фейктер бири бирине лайк басып, бири бирин колдоп-кубаттап, өздөрү койгон постторун кызытышат. Текшерип, фейктерди, коомго терс таасирин тийгизген постторду көзөмөлдөгөн жан жок. Бейбаш, тартипсиз, маданиятсыз болдук да калдык.
Ар бир коррупционер, уурунун фейктерден түзүлгөн пресс борбору бар. Ууруну таза, тазаны ууру, коррупционерди жалаа жаап жатат деп, кылмышкерди жалган, көрө албаганды кылмышкер кылып көрсөтүүчү топтору олтурат. Өзүнөн башкага пайдасы жок. Коомду булгап, элди экиге бөлүп, жеке абийиирге шек келтирип, түрдүү нерсени ойлоп чыгып, ыплас нерселерди курап, башкаларды каралап, өзүн дүйнөдө жок үлгүлүү, көркөмдүү, сулуу, акылдуу, сүттөн ак, кристалдай таптаза кылып көрсөтүшөт. Аялдар өзүн Кыз сайкал, Курманжан даткага, эркектер Алымбек даткага же Манаска теңеп, ал аз келгенсип, өздөрүн эртеңки президент деп жарыялатып кускуңду келтиришет. "Ууру тойгуча жеп, өлөрчө карганат", -дегендей, какайгандары какайган. "Бок чокуган короздой" мурдун көтөргөндөрү көтөргөн. Фейктерден түзүлгөн пресс борборлоруна өздөрүн мактаттырып эле койсо. Бирөө андай эмес деп койсо же чындыкты айтып койсо, мокочо көрүшүп, аарынын уюгундай асылышып, ызылдап эле жатып калышат. Мамлекетке кылган зыяндарынын айынан, саясат күчөп, сызга отурганыбыз менен иштери жок.
Чыныгы саясатчы менен катардагы жарандын айырмасы болбой калды. Тескерисинче чыныгы саясатчылар, элиталар, чиновниктер, бийликтегилер, байкоочулук позицияны карманып, окуп коюп, пысып олтурушат. Ким саясатчы экендигин аңдап билүү татаал болуп калды. Баарыбыз саясатчыбыз, айырма жок. Кылган коррупциялык иштери, уурулуктары, паракорлуктары, кылмыштары, мыйзамсыздыктарынын айынан дүйнөгө маскара болгонубузду ойлоп да коюшпайт. Ушулардыкы эле туура. Болбой эле өздөрүн мактатат. Же Кудай жазалап, күнөөлөрүн мойнуна алышпады. Кудайга да пара берип коюшканбы?.. Же барган жерин булгабасын деп, Жараткан Кудай жактырбай жатабы, түшүнбөйсүң.
Башталган кылмыш иштердин акыры же жыйынтыгы жок. Коррупциялык иштер менен системалуу күрөшүүнүн жыйынтыгын күтүп, мойнун созуп, эки көзү төрт болуп, кулагы сереңдеген эле адамдар. Өнүгүүнүн карааны көрүнбөйт. Күнүмдүк социалдык муктаждыктарды канааттандырган маселеден башка, жылтыраган үмүт шооласы качан жанат? Куру сөз, куру убада, аткарылбаган программалардан иш жүзүнө качан өтөбүз? Саясатчы болуп, ызылдап, бир бирибизден акылдуусунуп, акыл үйрөтүп, сын тагып, көрүнгөнгө асылып, бирөөнүн айыбын чукуп, талкуулап жүрүп, мамлекетибизди биротоло талкалап албасак эле болду. Эч ким жооп бербейт. Чыры чуудан башка, белгиленген багыт, тартип же талап жок. Тообо кылдым. Кайда баратабыз, деп жазды мурдагы депутат Надира Нарматова.
Булак: "NazarNews.kg"