www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Катачылык баардык эле шарттарда, тармакта ал турсун жашоодо деле кечирилгис нерсе. Колдон келсе ката кетирбегенибиз эле туура. Билбей кетирип алса ал кечиримдүү. Бирок, билбей туруп, билгендей кылып жасаган катачылык - бул наадандык. Акыркы кездерде баардык тараптарыбызда олчойгон катачылыктардын "парады" зуулдап, береги парламенттин ичи дуулдап, министрлик улам бырылдап эле жатабыз. Эми алардын баары шалаакылык. Болбосо, билбеген жаңылат деп, кайсыл бир катачылыктар үчүн кечиримдүү болуп койгон учурларыбыз деле арбын. А ошол аткарууда же аткартуудагы катачылыктар, карабастык, кенебестик эле болду. Эми аларды айтпайлы. Айтылып атып деле ашмалтайы, кала берсе кашасы чыкты. Көңүлүңүздөрдү көчөлөрдүн аталышындагы каталарга бургубуз келип турат.

Тээтиги Апсамат Масалив көчөсү жаздын башталышында "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы борбор калаада көчөлөрдүн аттары жазылган 80 такта орнотушкан. Ал такталардын ичинен 26 тактада көчөлөрдүн аты туура эмес жазылып калганы байкалып, такталар алмаштырылган. Шаар бийлиги демөөрчүлөрдүн жасатканын айтып актанып, аягы кутулушкан. Демөөрчү жасатса эле, "алар кантип жасалып, эмнени жазды" дебеген жетекчилик жоопкерчилик деле тарткан жок.

Эске салсак, интернет колдонуучулар көчөлөрдө илинип турган "Б.Баатыра", "Ш.Баатыр", "Б.Баатыр" деп көчөнүн аты туура эмес жазылган такталарды шылдыңга алышып жатты. Бөкөнбаева, Турусбекова деген аял же эркек экени билинбеген такталар деле болбой койгон жок. Эми бул сүрөттөгү көчө аттары жазылган такталардын каталарын карап көрүңүздөр. Бул не деген шумдук? Ушул кезде деле ушул сыяктуу каталардын каалгый илинип турганын деле көрүүгө болот. Качан оңолобуз?, - дейт "Факты.kg" гезити. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости