www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АУДИО - Кыянбек мырза "кыңк" этти

Жалал-Абад облусунун губернатору Кыянбек Сатыбалдиев жалпы кыргызстандыктарды КР Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады!

Урматтуу мекендештер!

Бүгүнкү эркиндик элибизге жөн эле келген жок. Тээ байыркы бабаларыбыз азаттык үчүн айыгышкан күрөштөрдү өз жанын садага чаап, эгемендик үчүн эчен жолу эрегишти. Алардын баатырдыгы менен келген көз карандысыздыктын баркына жетип, тынчтыктын кадырын сактап бекемдөө, сиз менен биздин бабалар алдындагы гана эмес өз абийирибиздин алдындагы милдеттибиз!

Өнүккөн өлкөдө ар бирибиз жашагыбыз келсе, кылган кызматтыбыз, урмат-сыйыбыз, кубанчыбыз, бактылуулугубуз, сүйүүбүз Кыргызстан үчүн арналсын!

Эгемендүүлүгүбүздүн 28 жылдыгы менен баарыңыздарды кызуу куттуктайм!

Сиздерди терең урматтоом менен Кыянбек Сатыбалдиев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости