www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


«Анализ көрсөтүп тургандай, көп жумуштар, анын ичинде донорлордун жакшы демилгелери, борбордук органдардын жана жергиликтүү бийликтин ыкшоолугунан аткарылбай калууда,» — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда, Бишкек шаарында «Аймактар үчүн Таза суу» Форумда сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысы белгилегендей, долбоорлорду даярдоо мөөнөтүнөн баштап, даярдалган кредиттик жана гранттык келишимдерди Жогорку Кеңештен ратификациядан өткөрүүгө кеткен убакыт эки, үч жылга чейин созулуп барат. Айрым шаарлар боюнча бул көрүнүш төрт, беш жылга чейин созулган фактылар бар. Бул маселени чечүүдө айрым министрликтер жана ведомстволор берилген материалдарды өз убагында карашпай, кароо мөөнөттөрүн абдан кечиктирип беришкен.

«Мындан тышкары, көпчүлүк мэриялар донорлор тарабынан бөлүнгөн акча каражаттарын ар кандай шылтоолор менен саясаттын куралына айландырып, өз мөөнөтүндө өздөштүрбөй келишет», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Буга мисал катары ал Чүй облусунун Кара-Балта жана Токмок шаарларын атаса болот. Аталган шаарларда долбоорлордун башталышы 2012-2015 жылдарга таандык болгондугуна карабастан, бүгүнкү күнгө чейин толук күчүнө кире электигин келтирди.

Мындан тышкары Жалал-Абад шаарынын өз алдынча башкаруу органдары мурунку чакырылыштагы шаардык кеңештин чечимин негизсиз четке кагышкан. Донорлор тарабынан бөлүнгөн акча каражатын алаарын же албасын ачыктабай, экинчи этаптагы инвестиция тартуу мөөнөтүн 8 айга создуктуруп жиберишкен. Өзгөн шаарынын мэриясы шалаакылык кылып, 2017 — жылы шаарга тартылып берилген 11 млн евро акча каражатынын бүгүнкү күнгө чейин 1 сомун дагы өздөштүргөн эмес.

Анда белгилегендей, айрым министрликтер жана ведомстволор инвестиция тартууга кайдыгерлик кылып, бул маселенин чечүү жолдорун издешпейт жана аны аткара албай келишет. Мисал катары айтсам, менин 2018-жылдын июнь айындагы Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик иш сапарымда 100 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант алуу маселеси чечилген. Бирок акча каражатын тартуу маселеси боюнча Экономика министрлиги тарабынан бүгүнкү күнгө чейин тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлгөн эмес экендигин айтты президент. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости