www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Текебаевди оң жактан да, сол жактан да сындагандар көп, чындыгы Өмүрбек Чиркешович азыркы саясатчылардын саясий жашы боюнча эң сакалдуусу, отуз жылдан бери саясий айдыңда жүрөт.

2010-жылы Бакиевдик бийлик алмашкан соң, ким мамлекетти жетектейт деген тымызын атаандаштык башталат. Отунбаева президент болду, бирок убактылуу бир жарым жылга. Арийне, байлык колунда турган Атамбаев көп аймактарга өз ишенимдүү адамдарын дайындап колун ушалай баштайт.

Текебаевдин Атамбаевге алы жетпесин билип мыйзамды колго алат да, келечектеги президентти мыйзам менен “тузактоо” жолуна түшөт. Ошондуктан, Текебаев Башмыйзамды даярдоо боюнча комиссияны жетекчиликке алат. Текебаевдин оюнча президенттик институтту биротоло күм-жам кылып, парламенттик республика айлантуу болгон.

Буга чейин спикер президенттин алаканында ойногон  “пешка” болгон. Бул мыйзамдын негизинде спикер болгон Акматбек Келдибеков гана мыйзамды куп пайдаланып президент менен тең ата салмактагы спикер боло алган. Ошондуктан Атамбаев президент болоор менен Келдибековду куугунтукка алган.

2010-жылы июнда референдум менен кабыл алынган Башмыйзамга кээ бирөөнүн каршылыгына карабай Текебаев “Президент 6 жылга бир гана мөөнөткө шайланат” деп жазып койгон, эгер башкалардын тилин алып “6 жылга эки мөөнөткө шайланат” деп койсо, 2017-жылы президенттик шайлоодо административдик күч менен болсо да Атамбаев экинчи ирет өлбөгөн жерде президент болмок.

Бизден кийин Орусия “Президент 6 жылга эки мөөнөткө шайланат” деп Путин төртүнчү мөөнөткө кетти. Эгер Орусия бул мыйзамды бизден мурун кабыл алганда биз ушул жолго түшмөкпүс.

Текебаевдин камалышынын башкы себеби Маевский эмес, ал жөн эле шылтоо. Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктап бараткан соң 2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз деген Башмыйзамга өзгөртүү кийирүүнү көздөйт. Бул референдумда президент экинчи ирет шайлансын десе деле өтүп кетмек.

Бирок Атамбаев кууланды президенттен полномочиенин барын алып, премьерге берди да, бири-бирин кагыштырып коюп, өзү суперпрезидент катары Кой-Ташта чалкалап жатып алып мыйзамсыз башкаргысы келген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

 

 

Последние новости