www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Түркиянын президент Режеп Тайип Эрдоган, Түркия жана Кытайдын бирдей көз карашты бөлүшкөнүн айтты. Бул тууралуу маалыматты трт.нет жазып чыкты. 

Эрдоган, Кытай Эл Республикасына расмий сапарынан мурда бул өлкөдө англис тилинде чыккан «Глобал Таймс» жана кытайча чыккан «Хуанцю Шибао» гезиттерине жана Синхуа маалымат агенттигине маек куруп берди.

Президент Эрдоган, макаласында Түркия-Кытай алакаларынын маанисин баса белгилеп, жаңы дүйнө системасы пайда боло баштаган ушул мезгилде Түркия жана Кытайга чоң жоопкерчиликтер жүктөлгөнүн белгиледи.

Эрдоган: «Түркия катары дүйнөлүк тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулуктун корголушу, көп тараптуулуктун шыктандырылышы жана эркин сооданын улантылышы сыяктуу тармактарда Кытай менен бирдей көз карашты бөлүшүүдөбүз»,-деди.

Түркия жана Кытайдын батыштык өлкөлөргө караганда кеч өнүгө баштаганына басым жасаган Эрдоган, эки өлкөнүн тең пайда болгон өнүгүүдөгү айырмачылыкты 21-кылымда жоюуну максаттаганына көңүл бурду.

Эрдоган, Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен биргелеше белгилешкен «1 миллион кытайлык турист» максатына карай жүргүзүлгөн иштердин эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды алгылыктуу алып бара турганын белгиледи.

Кытайдын маалымат агенттиги Синхуага берген маегинде президент Эрдоган, Кытайдын «Бир муун, бир жол» демилгесине алгачкылардан болуп колдоо көрсөткөн өлкө Түркия болгонун белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн тең салмактуу түрдө арттырылышы темасында макулдашкандыгын айтты.

Кытайлык ишкерлерди Түркияга инвестиция салууга чакырган Эрдоган, түрк товарларынын кытай базарында ордун табышына ыраазычылыгын билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги жолугушууларды бардык тармакта жандуу кармоого аракет кылгандыгын баса белгиледи.

Президент Эрдоган: «Кытайлык досторубуз менен бул жолугушууларды, кеңешүүлөрдү тыгыздаштырган сайын, карым-катнаштарыбыздын саясий, соода, маданий бардык тармактарынын өнүккөнүнө бардыгыбыз бирге күбө боло турганыбызга ишенүүдөмүн. Глобалдык базарларда белгисиздик арткан учурдагы климатта алдыга чыккан оюнчулар катары Кытай жана Түркиянын байланышты арттырууларынын жүргүзүлө турган эң туура жол болгон»,-деди.

Андан сырткары Түркиянын президенти Эрдоган, жолугушуулары убагында эки тараптуу карым-катнаштар менен катар аймактык жана эл аралык темалардын да кеңешиле турганын маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости