www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Кыргыз эли акыркы жылдары бирде алдыга жылса бирде артка жылып, акылсызы баатыр, бизнесмени аткаминер болуп айтор, 2010-жылдан кийин өлкөдө баш-аламандык өкүм сүрдү. Ак үй тарапты кеп козгой турган болсок, шоопуру үлкөн орунда “былч” этсе, көзү сулуусу мээси иштебесе деле мамлекеттик маанилүү кызматтарды ээледи.

Ток этээрин айтканда жыйынтыгында кыргыз элинин көпчүлүгү тартиптен чыгып, тамекиден насывайга алдырып, шаардын чак ортосунда түкүрүктөр какырыкка айланды.   

Дүйнө эли түп көтөрүлүп өнүгүп жатса, өпкөнү колтуктап аркы өйүз менен берки өйүздү топтоп “журт атасы” болгон мурдагы өлкө башчыбыз, ич ара согуш ачкысы келди. Анысы аз келгенсип Ак үйдөгү айрым аткаминерлер, тымызын бири-бирин кытыгылап олтурганы айдан-ачык. Баарын карап туруп, кайран гана "чукугуч" кыргыз деп баш чайкаганга аргасыз болосуң.

Каалайык калктын көпчүлүгү болсо бийликтен мамлекет өнүгүшү керек, кооз өлкөдө жашагыбыз келет деген талапты койгону менен мамлекеттин ички тартибине моюн сунгусу келишпейт.

Баса белгилеп айта кете турган болсок, кечээ 30-августта Бишкек шаарында Ч.Айтматов менен Масалиев көчөсүнүн кесилишинде “Ынтымак” паркын КР президенти Сооронбай Жээнбеков өзү барып салтанаттуу азем менен ачканы жалпыга маалым.

Тилекке каршы, Бишкекте жаңы ачылган паркка келген айрым жарандар өздөрүнүн маданиятсыздыгын көрсөтүп, атайын жасатылган конструкцияларга минип, айрымдарын талкалап салышкан.

Учурда социалдык тармактарда каттуу талкуу жүрүп, жоолук салынган кыздын атайын жасалган жаныбардын үстүнө секирип чыккан тасмасынан улам жемеден-жемеге калды.

Урматтуу кыргыз элибиз, мындай жапайычылык талкаламай, ар кайсы жерге түкүрүп-какырып, таштанды таштаган адаттарыбыз качан калат, айтор, таптакыр белгисиз.

Ал эми букага мингиси келген кызды көргөн, тартиптен чыгып бара жаткан кыргызды көргөн кийинки муундар оңолот чыгаар. Баса, бүгүнкү Эгемендүүлүк майрамыңыздар менен!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости