www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Бишкек-Ош жолун кар күрткүлөрүнөн сактоо долбоору үчүн Япониянын эл аралык өнүктүрүү агентствосу (ЛСА) 9,4 млн $ жакшы грант бермей болуп жатат. Бул жолдун 125-129 жана 216-222-чакырымдар ортосуна кар тосмолору менен көрсөтмө белгилер орнотулат. Эми кеп-кеңеш берүүчү жана кура турган компанияны таңдоо боюнча тендерди япон тарап бизге ишенбей өздөрү өткөрөт экен. Ошондой эле болсунчу. Болбосо 9,4 млн $ акчаны биздин колго тийгизсе, көнгөн адатыбыз боюнча Шодокондун бүркүттөрү туш-туштан чыга калып, сугунуп-сугунуп жибермей адаттарыбыз бар эле.

Бишкек-Ош жолун реконструкциялоого бөлүнгөн каражаттар ансыз да кулкундарга куюлуп, алкымдарга сөөктөр тыгылган. Ошол убактагы министр Н.Сулаймановго кылмыш иши ачылганы эсте, Бирок ал иштин "заморозить" этилип уктап жатканына он чакты жыл болду. Ал иш дагын канча жыл уктаарын, ойгоноор-ойгонбосун Баш прокурор Өткүрбек акам билбесе, башка эч ким билбейт.

Бишкектен Ошко сапар алсаңыз, Төө-Ашуудан чыгып-түшкөнүңүз "фигурное катание" болгону аз келгенсип, жетер-жеткиче чуңкурлардан буйтай берип, 700 чакырымдай түз жолдо да коньки тепкендей буйтап айдайсыз.

Булак: «Ачык саясат плюс»

Последние новости