www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жэймс Камерондун “Аватар” тасмасынын үчүнчү бөлүгүнүн прокаты 19-21-декабрь күндөрү дүйнө жүзү боюнча дээрлик 345 миллион доллар чогултту. Бул тууралуу жекшембиде Уолт Дисней компаниясы билдирди.
Блокбастердин “Жалын жана күл” деп аталган бөлүгүнүн бюджети 350 миллион долларды түзгөн.
Буга чейинки серияларынын ар биринен жалпысынан 2 миллиарддан көп акча түшкөн.
Фильм Пандорадагы Жейк Саллинин үй-бүлөсү тууралуу баянды улантат.
Бою дээрлик 3 метрлик көк түстүү адамдарга өз планетасын коргоого туура келет. Бул жолу анын чордонунда кенже баласы Лоактын таржымалы болот.
Дисней “Аватардын” прокатына укукту 2019-жылы алган.