www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандыктар августтун аягында 4 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, дем алыш күндөрүн жана жумуш эмес майрам күндөрүн эффективдүү пайдалануу максатында өкмөт 2021-жылдын 4-майында №188 "Дем алыш күнүн которуу жөнүндө" токтом кабыл алган.

Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 10-майындагы эс алуу күнү 2021-жылдын 30-августуна жылдырылган. Буга байланыштуу кыргызстандыктар 28, 29, 30 жана 31-августта 4 күн эс алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости