www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте авиабилет сатууда алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
4-августта милицияга 25тен ашык адам кайрылган. Алардын айтымында, аял авиабилеттерди тариздеп берүү шылтоосу менен ар биринен акча алып, бирок милдеттенмелерин аткарган эмес.
Алдын ала маалымат боюнча, келтирилген зыяндын көлөмү болжол менен 2 миллион 100 миң сомду түзөт. Так сумма такталууда.
Бул факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду.
1993-жылы туулган шектүү кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери уланууда. Милиция башка жабырлануучуларды жана бул иш боюнча маалыматы бар жарандарды ички иштер органдарына кайрылууга чакырат.
Эске салсак, алдамчылыктан улам Кыргызстандын таэквондо ITF боюнча спортчулары Монголияда өтүп жаткан Азия чемпионатына уча албай калышкан. Бул тууралуу Таэквондо ITF федерациясынын вице-президенти Сардор Рахимшайхов видео кайрылуусунда билдирген.