www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте автобус сүзүп кеткен 12 жаштагы кыз ооруканада. Ага операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, оң бутунан чоң жараат алып, жамбаш сөөгү сынган кыз Бишкек шаарындагы Тез медициналык жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланууда. Операциядан кийинки абалы туруктуу деп бааланууда. Бейтап травматология бөлүмүнө которулду.
Белгилей кетсек, 3-мартта саат 14:10дор чамасында борбор калаадагы 12-кичи райондон жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден өтүп бара жаткан окуучу кызды автобус сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге келген Тез жардам кызматы кызды ооруканага алып кеткен.