www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук тармактарда автобуста болгон мушташ боюнча талкуу уланып жаткан маалда окуяга катышкан экинчи тараптын пикири жарыяланды.

Өзүн Паризат деп тааныштырган, 1992-жылы туулган аял окуя боюнча өз түшүндүрмөсүн берди.

Анын айтымында, окуя болгон күнү ал эки сутка иштеп, андан кийин апасын ооруканага алып баруу үчүн автобуска түшкөн.

Ошол учурда телефон аркылуу сүйлөшүп, апасын дарыгерге кабыл алууга жаздырып жаткандыктан, жанындагы аялдын ордун бошотуу тууралуу айтканын укпай калган.

Паризаттын билдирүүсүндө, аял аны түртүп, мойнунан кармап, ата-энесине карата орой сөздөрдү айткан жана тарбиясыз деп айыптаган.

«Мен ордумдан туруп, четке чыгып кеттим.

Телефон аркылуу сүйлөшүп бүткөндөн кийин ага кырдаалды түшүндүрүү үчүн кайра бардым.

Жанына колум жетпегендиктен, телефонумдун учу менен тийип, көңүлүн бурдум», — деп түшүндүргөн ал.

Анын айтымында, бул аракетти аял туура эмес түшүнүп, аны уруп, чачынан жулуп баштаган. Паризат ошол учурда эмоционалдык абалда болгонун айтып, телефон ыргытып жибергенин билдирди.

Ал өзүнүн да туура эмес аракет кылганын моюнга алып, улуу кишиге карата мындай мамиле кылбашы керек болгонун белгиледи.

«Мен кечирим сурадым, бирок ал менин кечиримимди кабыл алган жок», — деди Паризат.

Белгилей кетсек, автобустагы окуя боюнча буга чейин социалдык тармактарда видео тараган.

Окуянын бардык жагдайлары тиешелүү органдар тарабынан такталары күтүлүүдө.

Последние новости