www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бугүн, 6-августта Бишкек шаарындагы Арстанбек Дүйшеев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн аймагында жүк көтөрүүчү автокран оодарылып кетти.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында кырсык темир түтүктөрдү көтөрүү учурунда автокрандын туруктуулугу талаптагыдай камсыздалбагандыктан болгону аныкталды.
Окуядан жабыркагандар катталган жок. Бирок автокранды жылдыруу учурунда жанындагы жеңил унаа чийилип, курулуш компаниясы келтирилген чыгымды өз эсебинен төлөп берерин билдирди.
Коопсуздук талаптарын бузганы үчүн «Нурзаман» ЖЧКсына 200 миң сом айып салынды. Ошондой эле прораб менен автокрандын айдоочусу сертификатынан ажыратылып, мамлекеттик көзөмөлдү талаптагыдай жүргүзбөгөн жооптуу адис кызматынан бошотулду.