www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алгач Испания менен Кыргызстандын айырмачылыгын байкайлы. Испания 46 миллион калкы бар, бир жыныстуу никеге уруксат берилген мамлекет. Мындайча айтканда Испанияда эркек менен эркек, аял менен аял үйлөнө берет. Испания Англиядан мурун деңизди өзү ээлеген, Латын Америкасында португалиялыктар басып алган Бразилиядан башкасын испандар басып алган. Арабдар ислам динин жайылтып жатканда Испанияны басып кирген, бирок Европа ойгонуп кетип, мусулмандарды тосуп калган. Бүгүнкү күнү миграциянын натыйжасында Испанияда 2 миллиондой мусулман бар. 

Каталония

Автономдуу каталондуктар менен автономия алабыз деген өзбектердин кандай өзгөчөлүктөрү бар:

  1. Каталония Испаниядагы тарыхый облус. Орто кылымдарда өзүнчө королдук, княздык болуп турган.
  2. Оштук өзбектер “токсон боолуу өзбектердин” бир бөлүгү. Мавеннахрда грек, араб, сарт, тажик, карлук  жана башка көптөгөн элдерден куралган урууну 1381-жылы Дешти-Кыпчак талаасынан келген түрк уруулардын жол башчысы Өзбек хан басып алган. Бул уруулардын барын бириктирип “өзбек” деген этноним беришет. Бирок, совет  мамлекетине чейин “өзбек” этноними талаштуу болуп келген. Сталин Бухара, Кокон, Хива хандыктарынын калдыктарын бириктирип Ташкенди борбор кылып республика түзгөн, атын талашып отуруп Өзбек хандын урматына “өзбек” деп койгон.
  3. Каталон тили бар, бул тил роман тил түркүмүнө кирет;
  4. Өзбек тили бар, көп элдерди өз тилине кийирип, түрк тил түркүмүнө кирет. Бухаранын көп жери тажик тилинде сүйлөшөт. Кыргыздардын да бир топ бөлүгү өзбек элине сиңип кетишкен. Кыргызстандык кыпчактар ошол кездеги өзбек кыпчактар менен биригип Кыпчак республикасын түзөбүз деп кыргыз жерлерин өзбектерде өткөргөн деген сөздөр бар. Бирок Сталин кыпчактарды чогултуп бере албайм деп макул болбой Кыпчак республикасы түзүлбөй калат. Бир жарым миллиондон ашуун кыргыздар Өзбекстанда калышып, совет доорунда өзбектешип кеткен.
  5. Каталониянын калкынын саны 7 жарым миллион.
  6. Өзбектер Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда кыргыз жана башка улуттар менен аралаш жайгашкан.
  7. Каталония Женералитетинин президенти, Каталония өкмөтүнүн башчысы Ким Торра, парламентинин спикери Торрен Рожер;
  8. Кадыржан Батыров башында турган өзбек сепаратисттери Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун Конституциясын атайын барып окуп, үйрөнүп келип, Ош облусунда өзбек тилине мамлекеттик тил макамын беребиз деп чыгышкан;
  9. 1978-жылы Каталония автономияга жетишкен. 2017-жылдын 27-октябрында каталондуктардын сепаратисттери Каталония Республикасын түзүп, Испаниядан өз алдынча көз каранды болобуз деп бир тараптуу Испаниядан бөлүнүүнү жарыялаган.
  10. 2010-жылдын 11-июнунда Кадыржан Батыров башында турган өзбек сепаратисттери тынч жаткан кыргыз элине кол салып кайгылуу Ош жаңжалы башталган.

Бай менен байбиче урушса кимдер жыргайт?

«Бай менен байбиче урушса, кул менен күң куймакта», - дейт. Кыргыздар бири-бири менен уруша кетип ортосунда «Ватан» партиясынын лидерлери ошол учурдан пайдаланып, өз максаттарын ишке ашырууну көздөшкөн. «Бийликтин даамы» жаман, бул даамды татып алган адам айласы кеткенде байыркы римдиктерче «бөлүп алып, башкар» ыкмасына чейин барышы ыктымал. Акаев колдой турган Чүйү кошо толкуп айласыздан, көзүнүн жашын көл кылып, учак менен учуп кетти. «Үмүт деген акырында өлөт» -эмеспи. Кыргызстанда өтө коркунучтуу кырдаал түзүлүп турганда, Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева ошол мезгилдеги бирден-бир туура кадамга барып, Бакиевди сыртка чыгарып жиберген. Муну Убактылуу Өкмөттүн башка мүчөлөрү колдогон жок.

Өзбек авантюристтери Убактылуу Өкмөт менен байма-бай катташып, “өздөрүн-өздөрү билишип, өтүгүн төргө илише” баштады. Алар мамлекеттин бүтүндүгүнө доо келе турган сепаратисттик ураандарды көтөрүшүп, жаңы бийлик бутунан тургуча пайдаланып калууну көздөшкөн.

Кадыржан Батыров өзбек тилине өзгөчө статус берүү тууралуу маселени мурун эле көтөрүп келген. Эми ага кудай берип мамлекеттин атын өзгөртүү тууралуу маселени козгой баштады. Өзбек сепаратисттери тынчыган жок. Чек арадан чычкан жөргөлөп өтсө дагы биле турган коопсуздук органдары, өзбек-кыргыз чек арасына көз жуумп коюшту. Батыров башында турган «буржуй» өзбектер карапайым кандаш өзбектердин мээсин тескери айлантышып, жыйырма жыл мурун болгон кагылышты эске салышып, куралдандыра башташты. Ошол мезгилде коопсуздук органдары «эшек такалап» отуруштубу?

«Бир кадам алдыга, эки кадам артка»

 БЭКтин мүчөлөрү бийликке келгенден кийин «маскаларын» сыйрып салышып, өз жүздөрүн көрсөтө башташты. Банктын ячейкаларындагы миллиондордун изи сууду. Бийлик анархиясы башталып, туш-тараптан чуулгандуу окуялар чыга баштады. Эл ишенген Өмүрбек Текебаев Батыштын Баш мыйзамын «ксерокопиялап» отуруп алды. Ал Баш мыйзамы кийин кыялданганына карабай, өзүнүн бутуна тушамыш болуп берди. Элди баштап келген Алмазбек Атамбаев республикалык деңгээлдеги «отдел кадрга» айланган. Элдик революционерлер Темир Сариев, Азимбек Бекназаровдор «сотка» менен акча талашып жүрүштү.

   Кадыржан Батыров баш болгон өзбек авантюристтери калкты калкка кайраштырып, азан чакырып кыргыздарга кол сала баштаган. Кыргыз калкы бизди кыра бер деп жөн жатып алмак беле, колдоруна союл кармашып, куралчандарга каршы чыгышты. Ошто чаң-тополоң башталган. «Бака баштуу эркектен, алтын баштуу аял артык» дегендей, «бака баштуу» өкмөт эркек танаалар аялдарынын дамбалдарына баштарын катышып, Ошко бара албай жашынып жатышканда, Роза Отунбаева жаңжал болгон жерге жетип барды. Жашынып жаткан эркектерге эл өз баасын шайлоодо беришкен. Кээ бирлери эптеп парламентке кыпчылып өтүшсө, кээ бирлерин эл бетине жаба түкүрүп жолотушкан жок. Ош окуясы көпчүлүк экс-оппозиционерлерди «эки кадам артка» сүрүп салды.

  «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» дешет эмеспи. Ушундай элдин башына каран түн түшкөндө Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров сыяктуу азаматтар үйлөрүнө бекинип жатып алышкан жок. Алар карапайым өзбек калкын талкалайбыз дешип тоодон күргүштөп түшүп келаткан кыргыздардын алдын тосушуп, өзбек-кыргыз жаңжалын токтотууга болгон дараметин жумшашкан. Эл деген калыс. Эл деген бир гана акыйкат баасын берди. Ош окуясы убагында ким жүрөктүү жана ким суу жүрөк экенин ошол жылы шайлоодо аныкташкан. Кыялы менен бийликти бөлүп алгандардын тамтыракайы чыккан.

(уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости