www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМ Автоунааларды техникалык кароо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат.
"Техникалык кароо жүргүзгөн диагностикалык борборлордун ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу боюнча пункт киргизилүүдө. Мында ыйгарым укуктуу орган жолдо жүрүү коопсуздугун камсыздоо үчүн аталган борборлорду көзөмөлдөй турганы айтылат. Диагностикалык жайларды текшерүү тартиби министрлер кабинети тарабынан аныкталат", — деп жазылат билдирүүдө.
Мыйзам долбоорунда айтылгандарга караганда, бийлик милдеттүү техникалык кароону кайтарууну көздөгөн жок. Анткени докумениттин бул бөлүгү өзгөрүүсүз калтырылган.
Учурда техникалык кароодон жылына эки жолу жүргүнчү ташыган автоунаалар (таски) өтүшү керек. Бул топко тез жардам, өрт өчүрүү, жүк ташуу сыяктуу бир катар кызматтарга караган автоунаалар кирет.
Калган автомобилдер техникалык кароодон өз ыктыяры менен өтөт.
Булак: NazarNews.kg