www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Төртүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери автоунаага байланышкан документтердин жасалмасын жасоо фактысынын бетин ачышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Ош облусунун Ноокат районунун тургуну 1986-жылы туулган З.Б.га Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүмүндө (Документтердин жасалмасын жасоо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча айып тагылып, сырттан айыбы угузулган жана издөө иши жарыяланды.

Тактап айтканда, 2022-жылдын декабрь айларында аталган З.Б. аттуу жаран Литва Республикасынын аймагында Литванын жаранынын көк түстөгү 2004-жылы чыгарылган “Хонда Джаз” үлгүсүндөгү автоунаасын сатып алган. Бирок автоунааны мыйзамдуу бажы тариздөөдөн өткөрбөстөн аны тетиктерге бөлүштүрүп, кыймылдаткычын чыгарып, Европа мамлекеттеринен Кыргыз Республикасынын аймагына оор жүк ташуучу автоунаа менен алып келдирип, аталган автоунааны тетик түрүндө бажы тариздөөдөн өткөрүп, бажы төлөмдөрүн төлөгөн. Айта кетчү нерсе аталган автоунаанын автоунаа түрүндөгү бажы төлөмдөрүн төлөгөн эмес. Кайрадан бүтүн автоунаа катарында колдонуу максатында, ал тетиктерин кайрадан чогулткан. Аталган автоунааны Казакстан Республикасынын аймагында каттоодон тургузуп, кайрадан сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде сатылып алынгандыгы тууралуу жалган келишимдерди түзгөн. Жасалма документтерин колдонуу жолу менен Кыргыз Республикасынын “Унаа” мамалекеттик мекемесине айдап барып, жасалма документтердин негизинде каттоого койуп, мамлекеттик номур алып, техникалык каражаттын күбөлүгүн алган. Анын натыйжасында, мамлекетке жалпысынан 441 000 сомдон ашык зыян келтирген жана автоунааны үчүнчү адамдарга сатып жиберген.

Тергөө учурунда мамлекетке келтирилген чыгым толугу менен өндүрүлгөн.

Азыркы учурда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгын Төртүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жогорудагыдай коррупциялык схемаларды аныктоого, бетин ачууга багытталган ыкчам-иликтөө иштерин улантышууда. 

Последние новости