www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын март айында Бишкек шаарынын тургунун С.Д. (аял киши) А. аттуу жаран (эркек киши) Toyotа Camry унаасын сатам деген шылтоо менен 173 миң сом жана 300 доллар акчасын алып, алдап кеткен. Жабырлануучу 18-мартта милицияга кайрылып, аны алдап кеткен жаранга чара көрүүнү суранган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 37 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды 0(703) 10-22-61, 0(704) 10-27-02 номерине кабар берүүсүн суранат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости