www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн 1983-жылы туулган З. О. кармалды.
Ал 2026-жылдын 9-март күнү өзүнүн аялы менен келишпестиктен улам жаңжалдашып, анын денесине кайнап турган кыям чачып жиберген. Аялы денесинен жаракат алып, ооруканага жаткан.
Үй-бүлөлүк зомбулукка шектүү күйөөсү, 1983-жылы туулган З.О. тергөө амалдарына келбей, качып жүргөн.
Кылмыш-Жаза Кодексинин 177-беренеси менен айыпталган З.О.га карата бөгөт коюу чарасы катары “камакка алуу” түрү сырттан тандалып алынган.
Учурда шектүү кармалып, тергөө абагына киргизилди.