www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аялзаттын баары окусун! Маанилүү маалымат

"Чач" аял затына өзгөчө көрк, назиктик берип турат. Соңку жылдары сулуулук салонуна кыска чач менен кирип, жибектей буралган узун чачтуу болуп чыккан кыз-келиндерди көрүп эле жүрөбүз. Албетте, чачтын узуну жакшы.... Бирок ким бирөөнүн чачын өзүңүздүн чачыңызга кошуп алганыңыз туурабы? 

Заман агымына ылайык, узун чачты көп барк албай, убалына калып келебиз. Кыргызда "Эркек — пир, аял — кут" дейт эмеспи. Ошол кут кармаган аялдын чачы анын аялдык жашоосунун, аялдык турмушунун өзөгүн кармап турганы маалым.

Эгер бактылуу жашап, кут менен ырыскыңызды жоготкуңуз келбесе, сизге төмөнкү маалымат жардам берет.

1. Өзүңүздүн чачыңызды өзүңүз кыркуу менен жамандыкты чакырып, өзүңүздүн жана жакындарыңыздын ырыскысын кесесиз.

2. Кыркылган чачты эч качан адам баскан жерге жана чач тарачтын жайына таштабаңыз.

3. Узун чачын кыркып, сатып жүргөндөр бар. Чачты сатууга же белекке берүүгө болбойт. 

4. Чач жайуу - аза күтүүнүн белгиси. Чачын жайып жүргөн кыз-келиндер жамандыкты чакырып, бактысыздыкка багыт алышат.

5. Энергетикалык жактан алганда, чач ааламдан агылып келген маалыматтарды ташуучу өткөргүч. Ошондуктан, аны жакшылап тарап, маал-маалы менен өрүп туруу керек. Анткени, өрүлгөн чачка кара күчтөр жолой алышпайт.

6. Түз маанисинде да, кыйырында да чач коргоочу касиетке ээ. Түз мааниде алып караганда, ар кандай зыяндуу жыт, боёктун баарын сиӊирип алып, организмге өткөрбөй турат. Ал эми кыйыр маанисинде жогоруда айткандай өрүм чач терс нерселерди денеге жолотпойт.

7. Жаӊы төрөлгөн ымыркайды энесинин чачы менен окшутуп, сары май менен оозандыруу кыргыз салтында жашап келет. Бала үчүн энеден ыйык эмне бар?! Ошондуктан, анын чачы менен баланы аруулап, ашказанын калыбына келтирип, анан май менен оозандыруу азыркы илимде да туура деп тастыкталат.

8. Кимдир бирөөнүн чачын өзүнүн чачына кошуп алган кыз-келиндер бул иши менен чоң жаңылыштыкка барышууда. Дегеним, кошулган чач ээсинин тагдыры тайкы, жолу оор жана бактысыз болсо, анын чачын кошуп алган адамдын да тагдыры дал ошондой нукта өтөт.

9. Нукура чачтан жасалган кийме чачтар (париктер) да жогоруда айтып өткөн терс касиеттерге ээ. Ошол себептен, кийме же улама чачсыз эле жүрүү сунушталат.

10. Чачын кескилеп, ар кандай химиялык жол менен көрктөп, сулууланган кыз-келиндер, касиеттүү чачыңыздарды кордобоңуздар. Чачты канчалык барктап, сыйласаңыздар, ошончолук күчкө (энергияга), касиетке ээ болосуздар.

Айбек Нурланов, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости