www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада ушул фонддун жүзөгө ашырган иштери тууралуу баяндама бергенбиз. Ошондон кийин ар кайсы аймактардан түркүн суроолор менен редакцияга кайрылгандар көп болду. Ошондуктан башкы каарманыбыздан эксклюзив маек алууну туура көрдүк. Анда эмесе ошол чын дилден айтылган кептерге орун берели. Окурмандар өздөрү мунун жыйынтыгына баасын беришсин.

— Анда эмесе баарлашуубузду баштайлы. Оболу өзүңдүн таржымалыңа бираз токтоло кетсең? Андан кийин качан, эмнеден улам фонд түзүлгөнү боюнча сөздү улантсак?

— Ток этерин айтканда мен Талас жергесинен болом. Башында башка балдар сыяктуу эле оокатымды сүрөтчүлүк кесип менен өткөрүп жүргөм. Кээ бир чоң атамды тааныган аксакалдардан Байматтын уулу Жусупбек деген ак көңүл, боорукер киши эле. Ачарчылык, жокчулук кезде колунан келген жардамын айрыкча өп-чап жашагандардан аячу эмес. Кайран киши айылдын кайрымдуусу болчу деген жылуу кептерине кулак төшөчүмүн. Мен чоң атамдын көзүн көргөн жокмун. Бирок, Жон-Арык айылынын кадырлуу аксакалдарынын жүлүнгө жеткире айтылган улуу сөздөрү менин көкүрөгүмө кыттай уюп калды. Жаштайыман чоң атамдын омоктуу ишин улантууну тилек кылчымын. Атам Тарзан болсо соопчулук иштерин жасоо менен бирдикте айылдагы мечиттин айлана-тегерегин жашылдандырууга, көрктөндүрүүгө салымын кошуп келет. Апам Токтобү биздин мээримдүү энебиз. Үй жумуштары менен алектенет, азыр неберелерине таалим-тарбиясын берүүдө.Беш бир туугандын кенжеси менмин. Баарыбыз өз адал эмгегибиз аркылуу тиричилигибизди жасап жүрөбүз.

— Демек, чоң атаңдын таасири астында кайрымдуулук фондун уюштурган экенсиң да?

— Ошентип сыймыктануу менен айтсам болот. Эл ичинде айтылган аныктамага дал келсе кубанабыз да? Эми фонд тууралуу айтсам төмөндөгүдөй. 2016-жылдын 28-майында күбөлүк колубузга тийген. Туптуура эки жылга аяк басыптыр. Ушул кыска мөөнөттө кыйла кайрымдуулук иштерди бүткөрүптүрбүз. Былтыркы жылдын эсеби менен жети жакырчылыкта жашаган адамдарды үйлүү кылдык. Учурда Ак-Талаада, Ошто, Сокулукта абдан зар болгондорго үй салып жаткан кезибиз. Таласта эки үй, Бишкектин Ак-Ордосунда бир үйдү бүткөнү калдык. Курулуш иштерине болсо он адам тартылган. Алардын эмгек маянасы, ичер тамагы бизден каржыланат.

— Орчундуу суроо жаралды. Негизи үйдү берүүнү кандайча ылгайсыңар? Ошол тизмеге кимдер кирет, оболу?

— Мунун деле жашыруун жагы жок. Биз алгач өз көзүбүз менен жагдайды көргөн соң маселени чечебиз. Айрыкча зар какшап, жашоодон биротоло түңүлүп бараткандарга кол сунабыз. Бир эле мисалга токтолуп кетейинчи? Алтымышка чамалап калган Рахат эженин там алышы мындайча болуп калды. Мага ал киши көп телефон чалып кайрылды. Бир эле жолу келип кетчи балам дегенинен дарек боюнча жетип бардым. Кичинекей караңгы бөлмөдө, онтолоп жаткан энени көрдүм. Мени бооруна кысып алып көпкө шолоктоп ыйлады. Ошол аянычтуу учурду сөз менен айтып жеткирүү кыйынга турат. Эки бутун кестирген ушул апа 28 жыл ушундай азапта жашап келатканына, анын кесепетинен жалгыз кызы турмушунан ажырашканына, үч жетим кызды багууга дуушар болгонуна чыдоого болобу? Ушундай кордукка өзүм күбө болгон соңүй салдырууга кам көрдүм. Азыркы тапта ошол энебиз жарык, кенен үйдө очор-бачар турмушун өткөрүп жатат. 35 миң сомго сатып берген конфорттуу керебетте жатат, кааласа өйдө кылып тамагын жейт, уйкусу келсе ылдыйлатып эс алат. Барсаң мурункудай өксүп ыйлабайт, тескерисинче жадырап-жайнап чайын берет. Кубанычтын көз жашын көргөнгө не жетсин? Биз ушундай жол аркылуу тамдарды бөлүштүрөбүз. Бул жерде каерлик экенине, кимге тууган болгондугуна маани берилбейт.

— Турмушуңда көп эле жүрөк тилген окуяларга күбө болгондурсуң? Ошол жагынан дагы кеп куруп берсең?

— Жашоонун өзү көп кырдуу. Кээде мыйыгыңан күлүп аласың. Бир жолу улам эле бир адам жолуксак болот эле деп телефон чалат. Акыры убакыт таап ошол кишиге жолуктум. Карасам андай деле жардамга муктаж эместей. Сүйлөшө келгенде маселе таптакыр башкача болуп чыкты. Көрсө менин жасаган кайрымдуулук иштериме саресеп салып жүрүптүр. Анан бир семиз атын берип ушуну сатып, зарыл ишиңе жумша акчасын деди. Ошондой кылдык, базарга алып барып атты саттык да акчасын бир салынып жаткан үйдүн дубалына чегердик. Бирок, соопчулук кылганы туурасында жан адамга айтпайсың деп тактама киргизди. Ал кишинин аялын кошуп алып акча эмнеге жумшаларын үй салган жерге алпарып көрсөттүк. Анткени соопчулуктун дарегин билгизүү алдыбыздагы милдетибиз. Дагы бир Москвада иштеп жүргөн боорукер байкебиз бар. Анын Бишкектеги үйүндө азыр эки камкордукка муктаж үй-бүлөө жашоосун бекер өткөрүп келатат. Жөн эле соопчулук үчүн бекер курулушта иштеп беребиз деген жигиттер бүгүнкү күндө убадасына бек туруп эмгектенип жатышат. Көрсө жакшылык жасоону каалаган мекендештерден уучубуз кур эмес тура.

Эми кепти башка жагына бурайын. Эки майып адам карылар үйүндө жүргөндө бири-бирин жактырышып калышып, бирге түтүн булантууга ниетин бурушат. Кудайдан болуп келиндин боюна бала бүтүп, ого бетер сүйүнүшөт. Доктурлар сага төрөгөнгө болбойт дешет. Мен өлсөм да кайылмын, бирок бала бактысынан кайтпайм деп болбой койсо, доом жок дедиртип түшүнүк кат жаздыртып алышат. Ошентип ал келин дени-карды соо уул төрөйт. Маселе ошондо чыгат. Силер карылар үйүндө каласыңар, баланы болсо балдар үйүнө жөнөтөбүз деген чечим чыгарышат билермандар. Жок дегенде бир ай болсо да чогуу жашасак болот эле дешип мага кайрылышты. Чуркап жүрүп оор жагдайды оң жагына бурдук. Азыр жанагы жогорто айтылган үйдөүчөө бирге жашоосун улантып жаткан учуру. Аларга барган сайын жүзүнөн төгүлгөн кубанычты көрүп өзүмдү бактылуу сезем.

Дагы бир шок кылган көрүнүштү айта кетейин. Төрт күн мурда мага бир жигиттен чалуу болду. Үнүнөн эле кооптонууну сезип калдым. Бардым, жолуктум, абалына боорум ооруду. Көрсө алты жашында анын ээгин эшек тиштеп алып, тагдырына балта чааптыр. Эки ирет операция жасалганына карабастан ээги оңолбоптур. Ошондуктан эл көрсө чоочубасын деп бетине маска тагынып алып көчөдө жүрөт экен. Ал эми үчүнчү жолку операцияга 20 миң сом акча талап кылынарын доктурлар эскертиптир. Ушул каражатты табалбаган бечара жигит жардам суроого аргасыз болуптур. Бир вагондо азыр он жандын батканын деги уктуңар беле? Ошол вагонду байырлаган мээримдүү эже бул шордууну да батырганына ичиңден эзилериң турган иш. Буйруса, ушул жигитке да жардам берип, операциясын жасатууга тилегибиз бар. Балким ошол операция ийгиликтүү аягына чыкса бетин маскага чүмкөбөй калаттыр? Тагдырдын тамашасын карасаң ит эмес ээгин эшек тиштегенин.

— Баса, өзүңдүн турмуштук абалыңдан кеп козгосок болоттур? Деги кайрымдуулуктун аялга, балага тийгизген таасир кандай?

— Жубайым, беш балам бар. Эл катары жашообузду өткөрүп жатабыз. Ооба, мен жасаган кайрымдуулуктун таасири үй-бүлөөгөөтө чоң десем жаңылбайм. Кээ бирде аялымды жаныма кошуп алам. Бир жолу майып эненин үйүнө бардык. Жөрмөлөп барып баласын эмизген энени ал да көрдү. Болбой өз колу менен чайын демдеп бизге сунду. Соо адам кыла албаган кызматты жасаганын байкаган аялым ошондон кийин мага ашыкча суроо бербейт. Ал эми балдарымды болсо жетим балдар жашаган үйлөргө алып барып көрсөтөм. Ошол ата-эненин мээриминен кур калган балдардын абалын көргөн соң мындай сотка сатып бер, тигил баланын көтөргөн сумкасы укмуш экен деген кептерди оозанышпайт. Мына тарбиянын таасирдүү жолу деп ушуну айтып койсом жетиштүү. Барчылык менен жокчулукту дилинен түшүнгөн бала тескери жосундардан алыс болот, туурабы?

— Арийне, сөздү уланта берсек дагы далай сырлар чыгаары калетсиз. Ошентсе да сенин жүрөгүңдү түпөйүл кылган кандай урунттуу маселе бар?

— Жашоого бир келген өмүрдө күңгөй-тескейлүү жагдайлар түгөнбөйт. Бири курсагын түзүктөп тойгузалбай жүрсө, дагы бирөө акчасын каяка чачаарын билбей башы маң. А бирок, ошол байлардын колу ачылбайт, берешен эмес. Кайрылсаң ар кандай шылтоолорду айтып, жолго салат. Биз андай көпөстөрдөн үмүт этпейбиз. Негизги колдоочулар-алыста Кореяда, Америкада, Россияда, Туркияда иштеген мекендештерибиз экенин баса белгилеп коюга туура келет. Жергиликтүү элдин арасынан да биздин ишибизге кайдыгер эместер бар. Эсепке түшкөн акчанын так отчётун берип турганыбыздан улам бизге болгон ишеним жогорулоодо. Белгилеп кетчү жагдай-биз түшкөн акчаны даректүү, зарылчылык чыккан гана иштерге жумшайбыз. Акырында орозо кармаган мекендештерибизге орозоңуздар кабыл болсун деп кетүүгө ыраакым этиңиздер!

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости