www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грузия парламентинде “Тышкы таасирдин ачыктыгы жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда карала электе коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
"Парламенттин пландалган иш-чараларына (анын ичинде комитеттин жыйындарына) тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан чакырылган адамдар гана катыша алат...Бул иш-чаралардын максаты - Грузия парламентинин ак сарайында иштөө жана коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу", - деп жазат басылма. Грузия парламентинин билдирүүсүндө, коопсуздук деңгээли "сары" деп көрсөтүлгөн.
Бийликтеги “Грузин кыялы – Демократиялык Грузия” партиясы сунуштаган чет элдик агенттер боюнча мыйзам долбоорун кароо парламент имаратынын алдындагы нааразылык акцияларынын фонунда өтүүдө. Оппозициялык саясатчылар бул мыйзам долбоорун сындап, алардын айтымында, “Грузиянын достору менен душмандарын теңата коюп, Грузиянын Евробиримдикке интеграцияланышына тоскоол болот”.
Грузин парламенти 17-апрелде кабыл алган мыйзам долбооруна ылайык, бейөкмөт уюмдар менен массалык маалымат каражаттарынын жылдык кирешесинин 20 пайызы чет өлкөдөн келсе, каттоодон өтүшү керек. Бирок алардын ишмердүүлүгүнө эч кандай чектөөлөр киргизилген эмес.
Буга чейин Грузия АКШны радикал топторду каржылап жатат деп айыптаган. Бул тууралуу өлкө парламентинин спикери Шалва Папуашвили эки мамлекеттин ортосундагы мамилеге Америка саясатынын терс таасирин тийгизен.
Булак: NazarNews.kg