www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Шарият стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо" долбоорунун алкагында 112 миң чарчы метр турак жай куруу пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү макулдашууга Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен 27-апрелде кол коюлган. Кеп 79 миллион доллар жеңилдетилген каржылоо тууралуу болууда. Акча кийин сатып алуу шарты менен ижарага, ошондой эле "Менин үйүм — 2021-2026" программасынын алкагында ислам принциптери боюнча ипотекага берүү үчүн өлкө аймактарында жеткиликтүүү турак жай курууга жумшалат.
"ИӨБ каражаттары аймактарда болжол менен 112 525 чарчы метр жеткиликтүү турак жайдын курулушун каржылоого багытталган. Божомолдор боюнча, 2000ге жакын үй-бүлө турак жай менен камсыз болот", — деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg