www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лин Цзянь брифингде Кытай бийликтери Кошмо Штаттарда боло турган президенттик шайлоого кийлигишүүгө кызыкдар эмес жана андай кылууну пландабайт деп билдирди. Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине кытайлык CCTV plus агенттиги билдирди.
Бир күн мурда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Кытайдын өлкөдөгү шайлоого таасир этүү аракеттерин каттаганын билдирген. Ал кошумчалагандай, Кытайга болгон иш сапарынын алкагында ал кытайлык бийлик өкүлдөрүнө кабыл алынгыс экенин ачык айткан.
"Ички иштерге кийлигишпөө Кытай дипломатиясынын негизги принциптеринин бири, АКШдагы президенттик шайлоо АКШнын ички маселеси", - деп баса белгиледи Лин Цзян.
Дипломат Вашингтонду негизсиз шектенүүлөрдөн баш тартууга жана Кытайды каралоону токтотууга чакырды. Ал белгилегендей, Ак үй тараптардын ортосундагы мамилелердин туруктуулугуна салым кошо турган кадамдарды жасашы керек.
Эске сала кетсек, АКШдагы кезектеги президенттик шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрында өтөт. Жарыштын фавориттери - АКШнын 45-президенти Дональд Трамп жана азыркы америкалык лидер Жо Байден.
Булак: NazarNews.kg