www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) техникалык жардам көрсөтүү боюнча жаңы долбоорунун максаты — бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүү үчүн салык төлөөчү профилин түзүү жана Кыргызстанда салыктык башкарууну жакшыртуу.
ЕТӨФ белгилегендей, долбоорду ишке ашыруу үчүн гранттык негизде 1 миллион 450 миң доллар бөлүү пландалууда.
Мамлекеттик салык кызматына статистикалык жана математикалык модулдарды колдонуу менен салык төлөөчүлөрдү категорияларга бөлүүчү автоматташтырылган маалыматтык системаны киргизүү пландаштырылууда. Ошондой эле салык төлөөчү (юридикалык жак) үчүн санариптик профилдик модулду иштеп чыгуу пландалууда. Салык органдарына жеткиликтүү ар кандай булактардан компания жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоо аркылуу профиль автоматтык түрдө түзүлөт.
Булак: NazarNews.kg