www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2025-жылдын 25-декабрында, «Алга» стадионунун аймагында Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоору боюнча коомдук угуу уланууда.
Талкууга Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров, борбор калаанын башкы архитектору Медер Кыдырмаев, Санкт-Петербург шаарынын перспективдүү шаар куруу боюнча илимий-изилдөө институтунун жетекчисинин орун басары Ирина Гришечкина, ошондой эле шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышууда.

Коомдук угуу учурунда Азамат Кадыров Бишкек шаарынын мэриясы диалогго ачык экенин жана Башкы планды 2050-жылга чейин иштеп чыгуу процессинин бардык этаптарында шаар тургундарына долбоорду талкуулоого катышууга мүмкүнчүлүк берилерин белгиледи. Документ 2025-жылдын 25-октябрында коомдук талкуу үчүн мэриянын расмий сайтына жарыяланган.

«Биз ачыкпыз жана ар бир шаар тургунун угууга даярбыз. Бул эки күндүн ичинде да шаардыктар менен долбоорду активдүү талкуулап жатабыз. Бирок белгиленген мөөнөттөр бар экенин да эске алуу керек», — деди А. Кадыров.
Мындан тышкары, мэрдин орун басары учурда Башкы пландын инженердик тармактарга тиешелүү бөлүктөрүнөн тышкары, документке ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирди.

Ошондой эле шаар тургундарына пландоо чечимдери менен ыңгайлуу форматта таанышууга мүмкүнчүлүк берген Башкы пландын электрондук версиясын иштеп чыгуу иштери жүргүзүлүүдө.