www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 3-5-февралда Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндары болуп  өтөт. Ага КР президенти Садыр Жапаров катышат.

Социалдык тармакта спорттук кийим кышкы Олимпиада оюндарындагы Кыргызстандын расмий спорттук кийими талкууланып жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин журналист Элнура Кулуева, "Зоотехник" адистиги бар Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытовго бир эки ооз сөз айткым келип туру. Улуттук олимпиада комитетинине жаңы киши эмес... Сиңип калган кадр.... Садыр Мамытовдон мындай кош көңүл мамилени күткөн эмесмин.

Биринчиден олимпиада дүйнө эли карай турган саясат. Өлкөнүн намысы,өлкөнүн имиджи деген маселе турат. Дараметибизди көрсөтө турган жер. Дыкат даярдык керек. 5 спортчубузду кийиндире албай жатканыбыз намыска тебе турган нерсе. Кытайлар бекер тигип берди деп олтура бересиңерби? Айланайындар, кыргыздын ажайып кооз

жеринен чыкыйган фотосессияларды кылып анан коомчулукка жарк этип алып чыксаңар боло. Шөлбүрөтүп соткага тартып чыгарып жатасыңар. Уят эле. Сакура менен кандай ызы-чуу болдук. Изденсеңер боло, коңшуларды багындырган Легпром турат. Таш ыргытсаң башына тийе турган дизайнерлер жайнайт.. Кашкалдак формаларды кийип жыргай бергиле», - деп жазып чыккан.

Бир нече убакыттан кийин Азамат Жаманкулов өзүнүн социалдык баракчасына:

"Урматтуу кыргызстандыктар, талкууланып жаткан спорттук кийим кышкы Олимпиада оюндарындагы Кыргызстандын расмий спорттук кийими эмес, жөн гана машыгуу учурунда кие турган кийими. Пекин шаарында өтө турган Олимпиада оюндарындагы Кыргызстан командасынын расмий спорттук кийимин Улуттук Олимпиада комитети бүгүн жарыялайт", - деди.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына боло турган иш сапарына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өткөн. Бул дүйнөдө коронавирус инфекциясынын жайылып жаткан учурдагы кырдаалында эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылчылыгы менен шартталган. Мамлекет башчысы аралыктан иштөө режимине карабай толук кандуу иш графиги боюнча иштөөсүн улантат.

Үстүбүздөгү жылдын 3-5-февралына белгиленген Кытайга боло турган сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат, ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости