www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги “Жаңы жибек жолу” ассоциациясынын төрагасы Азат Эркебаевди кепке тартып, өлкөдөгү абал боюнча баарлаштык.

-Азат мырза, эми абал турукташып, эки ача пикирлерге чекит коюп, укуктук талаага кайттыкпы?

-Ошондой десек да болот. Кыргызда болоору болду, боёсу канды деген жакшы сөз бар. Буюрса, кырдаал эми толук кандуу укуктук талаага кайтты. Эми эч кимдин Премьер-министр С.Жапаровду да, ЖК Төрагасы К.Исаевди да, жада калса Президент С.Жеенбековду да легитимсиз дегенге акысы жок. Бирок баарында мыйзам боюнча легитимдүү макамы болсо да, моралдык акысы боюнча суроолор көп. Бул экинчи иш болуп калды. Эң негизгиси азыр жараандак кагылышууларга жеткизчү, улак сымал тартышка түшкөн ордону, бийликти талаш токтоп, тараптар компромисске, ымалага келип алышты. Ошону менен тынчтанып, эми  эртеңки күндү ойлонолу. А эртеңкибиз кейиштүү акыбалда турат. Эң өкүнүчтүүсү экономикабыз эңшерилип, инвесторлорубуз качып турат. А биз өзүбүздүн күчкө ишенип, бутка туруп кетишибиз күмөн. Эми бүгүнкү жыйында С.Жапаровдун бийлигин кынтыксыз легитимдештиргенден кийин чет өлкөлөр таанып, куттуктоолорун жөнөтүп, кызматташканга ынтызар болот деп үмүттөнөм. Себеби, ошону карап турган чет өлкөлүк инвесторлордун ишеничи артыш керек. Мен өзүм айыл-чарба комплексине тартып, келе турган жоон топ инвесторлор да карап турушат, чынында коркуп да турушат.

-Эми инвесторлорду тартыш үчүн өкмөт кандай аракеттерди жасашы керек?

-Демейде ыңкылаптардан кийин бийлике келген өкмөт алгач тышкы саясатта билдирүү жасап, мурда Кыргызстан мойнуна алган, кол алышкан келишимдерди жокко чыгарбай турганын, бир тараптуу чечип салбай турганын, сүйлөшүүлөргө, кызматташканга даяр жана ынтызар экенин жарыялашы керек. Премьер С.Жапаров билдирүү менен чыгып, инвестициялык климатты жөнгө салуусу абзел, алардын коркпой келүүсүнө шарт түзүшү учурдун талабы. Азырынча андай кадамдар  жасала элек.

-Жаңы шайланган премьердин программасы жөнүндө эмне дейсиз?

-Жаңы түзүлгөн өкмөттүн, Премьер С.Жапаровдун 10 багытынын ичинде коронавируска каршы иш-аракет көрсөтүлбөптүр. Ошондуктан көз жаздымда калтырбай тез арада илдеттин күчөшүн токтотконго бүт күчүн, жөндөмүн жумшашы керек.. Тез аранын ичинде экономиканы түздөп кетүү, кылмыштуулукту көзөмөлгө алып, бизнести кайра бөлүштүрүгө жеткизбеген чукул кадамдарга барышы керек. Бул сын эмес, эске алса деген гана пикир.

-Баса, бир мандаттуу шайлоого өткөнүбүз оңбу же шайлоо босогосун 3 пайызга түшүргөнүбүз туурабы?

-Бир мандаттуу шайлоону элдин баары колдойт дегенден алысмын, заматта ошого өтө койгонго шартыбыз, убактыбыз да жок. Алтындан кымбат, абадай керек убакытты ушу маселе боюнча талаш-тартыштарга кетирбей, шайлоо босогосун  3%га түшүрүп, күрөөнү 5 миллион сомдон 1миллионго түшүрүп, партиялык, бирок анын ичинде кандидатты тандап алууга шарт түзгөн ыкма менен тезирээк жаңы шайлоо өтүшү керек. Мамлекет толук кандуу легитимдүү, моралдык жактан элдин ишенимине кирген Жогорку Кеңештүү болушу аябагандай зарыл.

Садыр Жапаров мына ушул маселелерди көңүл борборуна алса, ишке ашырууга аракет кылса  деген тилек. Азыр коомдо да консенсус табылып, Садыр Жапаров премьер-министр болсун деп турганда, эми мындан кийинки мамлекетибиздин тагдырын ушу кишиге байладык. Акылмандыкты, кеменгерликти, иш билгиликти да каалап кетели. Антпесек өлкөбүз биротоло тышкы күчтөрдүн жетегинде калаарына аз калды. Эсибиз барда этегибизди жыйып туруп, улут боло аларыбызды иш жүзүндө көрсөтөлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости