www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Азаттык Медиа” чек арадагы конфликт жөнүндө анык эмес маалымат камтыган материалды бардык ресурстарынан өчүрүп, соттук териштирүүлөр токтоду. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет.

“Азаттык Медиа” басылмасы анык эмес маалымат камтыган 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт жөнүндөгү “Тяжёлые бои на границе Кыргызстана и Таджикистана АЗИЯ” аталышындагы видеоматериалын өзүнүн бардык ресурстарынан өчүрдү. 

Анык эмес маалыматы менен бул материалдын өчүрүлүшүнө байланыштуу, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен “Азаттык Медиа” бардык соттук териштирүүлөрдү токтотту, “Азаттык Медиага” карата чектөөлөр мыйзам менен белгиленген тартипте алынат.

Тийиштүү тынчтык келишими бүгүн, 12-июлда, Бишкек шаардык соту тарабынан бекитилди", - деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” сайтынын ишин убактылуу токтоткон.

Бул “Азаттык Медиа” Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалды өчүрүүдөн баш тартып келгени менен шартталган (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу анык эмес маалыматтар).

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости