www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжанда кармалган Өзбекстандын эл аралык издөөдө жүргөн эки жараны мекенине экстрадицияланды. Бул тууралуу азери басылмалары өлкөнүн Башкы прокуратурасына шилтеме кылып кабарлашты.

Маалыматка караганда, Өзбекстанда 35 жаштагы Шахбоз Шодиевге "Алдамчылык", "Каражатты өзүнө ыйгарып алуу", Расмий документтерди жасалмалоо" жана "Жасалма документтерди атайылап колдонуу", 27 жаштагы Шахбоз Сатимбоевге "Алдамчылык", "Паспортту жана башка маанилүү документтерди мыйзамсыз алуу" беренелери боюнча айыптар тагылган.

Шектүүлөр Азербайжанда 2023-жылы кармалып, камакка алынган. Бир катар эл аралык документтерге ылайык аларды мекенине экстрадициялоо чечими кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости