www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда «2023-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу отелди куруу үчүн инвестициялар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору боюнча КР Президентинин Иш башкаруучусунун орун басары Талантбек Жунушев маалымат берди. Анын айтымында, макулдашуунун долбоорун түзүүнүн негизги максаты эки тараптуу экономикалык байланыштарды кеңейтүү, Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы туризмди өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында беш жылдыздуу отелди куруу үчүн инвестицияларды тартуу жаатындагы туруктуу өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү болуп саналат.

"Келишимдин бул долбоору Ысык-Көлдүн жээгинде курорттук-рекреациялык жана туристтик ишмердүүлүк үчүн ыңгайлуу жана заманбап беш жылдыздуу мейманкананы, башка чектеш инфраструктураны жана курулуш объекттерин түзүүгө багытталган", - деди Т.Жунушев.

Талкуу учурунда депутат Чингиз Айдарбеков мыйзам долбоорун колдоп, анын бюджетин тактады. Баяндамачы учурда эсептөөлөр жүрүп, долбоордук документтер даярдалып жатканын айтып, алдын ала бюджет 8-10 млрд сомду түзөрүн кошумчалады. Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун үч окууда жактырышты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости