www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Президент Садыр Жапаров "Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кыргызстанда иштөөсүнүн шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кабарга ылайык, тийиштүү мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 17-апрелде кабыл алынган. Максаты — Кыргызстанда фонддун иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүү.

Макулдашууга ылайык:

фонддун имараттары кол тийгис, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү ага кыргыз жана азербайжан тараптын теңтөрагаларынын макулдугу менен кире алат.

фонддун чет өлкөлүк кызматкерлери дипломатиялык өкүлдөргө колдонулган артыкчылыктарды, иммунитеттерди жана жеңилдиктерди пайдаланат.

фонд бажы алымдарынан, салыктардан жана ушуга байланыштуу жыйымдардан бошотулат.

Эске салсак, 2022-жылы Азербайжан президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында аталган фондду түзүү макулдашылган. Анын уставдык капиталы 25 миллион долларды түзүп, штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашмакчы.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости