www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжан кыргызстандык студенттерге квота бөлөт

Азербайжан 2025-жылдан тарта окуу жайларында бакалавриат программасы боюнча билим ала турган кыргызстандыктарга беш квота бөлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мындай макулдашуу президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол койгон "Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Азербайжан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу" долбоорунун негизинде кабыл алынды. Ага ылайык, кыргызстандык студенттерге акысыз билим берилип, стипендия төлөнөт. Мындан сырткары, медициналык тейлөө, окуунун тиешелүү шарттары каралат.

Министрлик ошондой эле Баку мамлекеттик университети менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлгандыгын билдирди. Анын алкагында эки окуу жай билим берүү, илимий жана маданий тармактарда тажрыйба менен, окутуучулар жана студенттер менен алмашат.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости