www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Subaru Outback үлгүсүндөгү унаа «Азербайжан» паркынын аймагында дрифт жасап жаткан видеоматериал тараган.

https://www.instagram.com/reel/DTsqkYVEsu8/?igsh=MXgzMW8zZDcwZjVzbQ==

Бул факты боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан унаанын айдоочусу кармалып. Ошол эле күнү унаа айып короосуна токтотулду. Бул тууралуу МККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айдоочуга карата мамлекеттик каттоо номери жок унаа башкаргандыгы жана автоээнбаштык жасагандыгы үчүн укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлдү.

МККБ бардык айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жаратпоого жана мындай мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөгө чакырат.

 

Последние новости