www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакунун Хатай райондук соту көз карандысыз ToplumTV басылмасынын негиздөөчүсү Алескер Мамедлини жана "III Республика платформа" кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири Руслан Иззетлини аткезчилик иши боюнча төрт айга камакка алды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун азербайжан кызматы билдирди.

Сотто Алескер Мамедли камакка алынышына анын илимий жана коомдук ишмердүүлүгү себеп болушу мүмкүн экенин айтты.

Turan агенттигине берген комментарийинде Мамедлинин адвокаты Агылт Лайиж кардарынын ден соолугу начар экенин айтты.

"Камакка алууга эч кандай материалдык жана процессуалдык негиздер жок. Ага операция жасалышы керек. Денесинин үч жеринде шишик бар. Дем алуусу кыйындап калган. Тамагында шишик бар. Биз сотко медициналык документ тапшырганбыз. Ага карабастан сот камакка алуу өтүнүчүн канааттандырды", - деди жактоочу.

Коопсуздук күчтөрү Мамедли менен Иззетлини 8-март, жума күнү кармашкан. Аларды кармаганга чейин үйлөрү тинтүүгө алынган. Мамедлинин батирин тинтүү учурунда полиция 60 миң евро тапкан. Туугандарынын айтымында, ага бул акчаны күч органдары "ыргытып" койгон.

Ошол эле күнү сот ToplumTVнин видеоредактору Мушвиг Жаббарды, “Демократиялык демилгелер институту” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Акиф Гурбановду жана бул уюмдун үч мүчөсү - Илкин Амрахов, Рамин Бабаев жана Али Зейналды камакка алуу чечимин чыгарды.

Сот басылманын дагы эки кызматкерин, кабарчы Фарид Исмаиловду жана социалдык тармактар боюнча менеджери Элмир Аббасовду полициянын көзөмөлүнө жөнөттү.

6-мартта коопсуздук күчтөрү Бакудагы Toplum TV редакциясын тинтип, андан соң мөөр басып кетишкен. Полиция басылманын 14 кызматкерин кармаган. Түн жарымынан кийин күч органдары 11 журналистти бошоткон.

Toplum TV – 2016-жылдан бери иштеп келе жаткан көз карандысыз маалымат ресурсу. Анын негизги максаты – адам укуктарын жана эркиндиктерин, сөз эркиндигин биринчи планга коюп, коомду объективдүү маалымат менен камсыз кылуу. Сайт ошондой эле Демократиялык Демилгелер институтунун (IDI) "Демократия мектеби" программасынын журналистика боюнча тренингине катышкан жаштардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн аянтча катары кызмат кылат.

Последние новости