www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ажикулов Алымкадыр Бейшеналиевге 10 миң доллар берген

Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасынын директорунун мурдагы орун басары Рахман Ажикулов саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге пара бергенин айтты.

Өзүнүн айтымында, ага Кыргызстан тараптан жогоруда аталган оорукананын жетекчисинин орун басары болууну сунушташкан.

«Казакстанда 20 жыл иштедим. Доктордук диссертациямды коргогом. Өткөн жылы Бишкекке келип, Саламаттыкты сактоо министрлигине кирдим. Министрликтин жетекчиси (Алымкадыр Бейшеналиев) бул жакта иштеп, тажрыйбам менен бөлүшүүнү сунуштады.

Ал Бишкекте Кыргыз-Түрк ооруканасы курулганын, бирок көптөн бери ачылбай турганын айтты. 4 ай иштегенден кийин ротация башталды. Министр Кыргызстанда Казакстандагыдай эмес экенин, кызмат үчүн акча бериш керек экенин билдирди. Мен макул болдум», - деди Ажикулов.

Ал Алымкадыр Бейшеналиевге 10 миң доллар бергенин, бирок ага карабай жумуштан бошотулганын белгиледи.

Ошондой эле укук коргоо органдарына Бейшеналиевдин үстүнөн арызданганын, учурда тергөө жүрүп жатканын кошумчалады. Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев «АКИpress» агенттигине Ажикуловду Кыргыз-Түрк ооруканасынын жетекчисинин орун басарлыгына мурдагы депутат Самат Ибраев сунуштаганын айтты.

«Ибраев аны мактаган. Мен дайындадым, бирок Ажикулов жумушун аткара алган жок. Ошондуктан кызматтан алгам. Мен Ибраевден «Ажыкуловдон акча алдың беле?» деп сурадым. Бирок ал акча албаганын айтууда. Мен да акча алган эмесмин. Укук коргоо органдары Самат Ибраевди суракка алсын», - деди Бейшеналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости