www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак үйдүн алдында капыстан Революция менен Конституция жолугуп калышып, чачташып жатышат:
- Мен биринчимин! – дейт Революция.
- Мен биринчимин! – дейт Конституция.
- Мен күчтүүмүн! - дейт Революция.
- Жок, мен күчтүүмүн! - дейт Конституция.
- Менден бийлик титиреп турат - дейт Революция.
- Менден дагы коркуп турушат - дейт Конституция.
Аңгыча ары жакта Криминал өтүп баратыптыр:
- Эй, кыздар, эмнени талашып жатасыңар? – дейт.
- Сизди, – дешет коркуп кеткен экөө жарыша.
- Мага кезек менен келип тургула, - дейт имиш Криминал бирден муунтуп. - Биздин өзүбүздүн “понятиебиз” бар, бирок Конституцияны деле кабыл ала берем. Ал эми, Революция, сен жазында беш жылда бирден элди чоочутуп турчу элең, көптөн бери келбей сагынта баштадың..
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg