www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи Май райондук сотунун

судьясы М.Сыдыковго "Кемпир-Абад" иши боюнча айыпталып жаткан Азимбек Бекназаров билдирүү жасады.

"Урматтуу сот, 2023-жылдын 4-октябрында КР Конституциясында (100-бер.) жана КЖПКнын бир нече беренелеринде бекитилген сот адилеттигинин жол бергис бир нече принциптерин одоно бузуп, бизди 11 (он бир) айыпталуучуну СИЗОдон алдыртпай мыйзамсыз бир тараптуу жабык сот отурумун өткөрүпсүз.

Ошондой эле “11 (он бир) айыпталуучуну соттук процесстин аягына чейин “удаление” кылгам” – деп калп айтыпсыз.

Бул жосундарыңыз бизди мыйзамсыз сырттан соттоого болгон кылмыштуу аракеттер катары бааланат.

КР КЖПКнын 53-беренесинин 6-п. талабына ылайык, адвокат айыпталуучунун кызыкчылыктарына каршы аракеттерди жасоого укуксуз.

Менин укуктарым менен кызыкчылыктарым одоно бузулуп жаткан сот отурумуна адвокаттын менден уруксатсыз катышуусу мыйзамсыз сот отурумун легитимдештирет (мыйзамдаштырат). Ал менин кызыкчылыктарыма каршы келет.

Ошого байланыштуу менин адвокаттарым Э.Булекбаев, А.Турдиев, А.Матмусаевдердин же башка адвокаттардын мени катыштырбай өтө турган бардык сот отурумуна катышуусуна тыюу салаарымды расмий билдирем", - деди Бекназаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости