www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көктөмдө Азимбек Бекназаров маек берип жатып: ”Эгер азыркы бийлик күзгө чейин ишинен жыйынтык чыгарбаса, анда биз бийликке каршы чыгабыз” – дегени бар. “Жөжөнү күзүндө сана” – дегендей күз деле кирип келди. Мугалимдердин маянасы көтөрүлгөндөн башка  элдин жашоо-турмушу оңуп деле кеткен жок. Баса, мугалимдердин айлык акысын көтөрүп беребиз деп президент Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында элге жарыя кылган. Саясатчы Азимбек Бекназаровдун бул тууралуу маалыматы болсо керек.

Азыркы учурда Бекназаровго жаңы  бийлик ар кандай кызматтарды сунуш кылып келе жатат, бирок, саясатчы чечим кабыл ала элек. Анткени, элдин таянганы “революциянын бульдозеру” атка конгон Бекназаров. Ал жан досу Атамбаевге  бир аз жакшы мамиле жасап жандап кетсе деле болмок, Бирок анын жан-дүйнөсү буга жол бермек эместир. Азыркы күнү деле ага жакшы кызматтарга барса деген сунуштар бар. Бул тууралуу Бекназаров өзү Бишкекте уюштурган маалымат жыйынында билдирди:

- Президент мага «сиз канча жылдан бери жумушсуз жүрөсүз. Бардык президенттерге мокочо болуп көрүнүп келе жатасыз. Мен сизди түшүнөм, экөөбүз чогуу депутат болгонбуз» деди. Бирок мен «биз эки жолу курултай өткөрдүк. Мамлекеттин, улуттун алдында көп иштер бар. Мен туруктуу элдик кеңештин мүчөсүмүн. Мен курултайда коюлган маселелерди аягына чыгармайынча эч жакка бара албайм» деп айттым, - деди Бекназаров.

Саясатчы буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков менен көзмө-көз жолукканда конституциялык реформага, кендерге байланышкан маселелер ачык бойдон калганын кошумчалады. Бекназаров өлкө башчы бир нече мамлекетке, анын ичинде Түркияга, Азербайжанга элчи болуп барууну сунуш кылганын, президент менен ушул жумада жолугушарын, жолугушуунун жыйынтыгы менен ал Малайзияга элчи болуп барар-барбасын чечерин билдирди.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын атынан Малайзияга элчи болушу үчүн малайзиялык тараптан макулдук келгенин жазып чыгышкан. 65 жаштагы Бекназаров буга чейин башкы прокурор, Жогорку Кеңештин көп жолку депутаты, Убактылуу өкмөттө вице-премьер-министр болуп иштеген. “Ишенген кожоң сууга аккандай” Азимбек Бекназаров Атамбаевдин убагындагы Мирослав Ниязов, Жаныш Рустенбеков сыяктуу чет мамлекетке элчи болуп кетсе, аттиң, деп саясатты тилдеген боюнча калып калабызбы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости