www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Азимбек Бекназаров,  КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен болгон мамилесин “Жаңы ОРДО” гезитине ачыктады

Сооронбай Жээнбеков менен мурун эле тааныш эмессизби. Президент болгондон кийин өзгөрүптүрбү?

Сооронбай Жээнбековду бүгүн эле билген киши эмесмин да. 1995-жылдан бери билем. Парламентте 3 жолу депутат болуп бирге олтурган кишилербиз. 2006-жылы тарыхый Конституцияга экөөбүз кол койгонбуз. Мен ага баарын түз айтам. Башкача айтсам түшүнбөй калат. “Бекназаров кошомат кылып атабы же өзгөрүлүп кеткенби” дейт. Ал мага “Азике, 23 жыл мурун кандай көрсөм, азыр деле ошондой экенсиз” деп айтат. Мен да ага “Мурун кандай көрсөм, азыр дагы так эле ошондой экенсиң” дейм. Бул кишилер аткаруучу болуп келгендер.

Азыр ага “Сен мамлекет башчысы болдуң, аткаруучулуктан түзүүчүлүккө өт, жаратуучу бол!” деп айтам. Бул киши мурунку президенттерге караганда элге жакын, жөнөкөй. Муну эл деле көрүп жатат. Оппозицияга кол сунуп, бир нерсени чогуу жасайлы деп аракет кылып жаткан ушул президент болууда. Экөөбүз өлкөнүн келечеги тууралуу гана сөз кылдык. Ага мурунку президенттердин түзүп кеткен саясий системасын өзгөртсөң тарыхта каласың.

Ошолордун ишин улантсаң Атамбаевдин кейпин кийесиң дедим. Президенттин өзүнүн ою, максаты болгону менен, бүгүн анда өзүнүн командасы жок. Атамбаевдин парламенти, өкмөтү, ошонун бийлик бутактары менен олтурат. Ырас, Атамбаевдин командасы болуп президенттикке келгенден кийин, ошол команда менен кетиши керек эле.

Бирок, экөө эки башка болуп алышты. Демек, өзүнүн командасын түзүү керек. Эки жылың кетти, 2020-жылдан кийин кетем деп олтуруп каласың, эч кандай реформага барбай, Атамбаевдей болуп каласың. Үй-бүлөлүк, кландык башкаруу сакталып кала берет. Эч нерсени өзгөртө албаган президент болосуң деп айттым. Дүйнө жүзүндөгү кол башчылар тарыхта өлкөсүнүн жерин көбөйтүп, элинин санын өстүргөнү менен калат. Биздин 4 президентибизде андай жок. Кен-байлыктарыбызды чет-өлкөлүктөргө берет, чек арабызды коңшулаш өлкөлөрдүн баары алды. Баарын бергенден башка иш кылбады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости