www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азимбек Бекназаров сот залынан чыгарылды

20-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бул ишке байланыштуу шек саналып жаткан оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров президент Садыр Жапаровдун Элдик курултайда айткан сөздөрү боюнча шектүүлөргө жаңы айып тагылышы керек экенин билдирди: “Президент дүйнө жүзүнө “булар элчиден акча алган” деп жарыялады. Менин урук-тууганым, балдарым мени элчиден акча алган деп ойлоп калбайбы. Бул жерде президент муну оюнан чыгарып айтты же соттор бизге аны тааныштырган эмес. Болбосо биз акча алган эмеспиз. Тактап алышыбыз керек да. Бирок мага мындай айып угузулган эмес”, - деди ал.

Ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков Азимбек Бекназаровду сот залынан чыгарып, отурумду саясатчынын катышуусуз улантуу чечимин чыгарды.

16-декабрда экинчи Элдик курултайда президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү тууралуу суроолорго жооп берген: “Муну уюштурган башчысы бар. Ал кайсы мамлекеттин элчисинен акча алганы бар экен. Биз аны ачык чыгарганда, ал мамлекетти баарыңар жек көрөсүңөр. Анан ортобузда пикир келишпестик, жек көрүү болуп мамилебиз бузулуп калышы мүмкүн экен. Ошон үчүн жабык өткөрүп атабыз деп айтышты”, - деген Садыр Жапаров.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости