www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылы болгон апрель окуялары боюнча айыпталып, камакка алынган Азимбек Бекназаров бүгүн социалдык тармактар аркылуу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө, Роза Отунбаевага, Сооронбай Жээнбековго кайрылган.

Ал 2010-жылдагы окуялар учурунда Кыргызстандагы абалды жөнгө салуу үчүн канча каражат кеткенин, эгер ошол кезде Убактылуу өкмөт мүчөлөрү жана жергиликтүү бийлик биргелешип аракет кылбаганда, Кыргызстан экиге бөлүнүп калуу коркунучу болгонун эскерткен. Ошондой эле ошол кездеги банк ячейкаларынан каражаттарды алуу, бөлүштүрүү боюнча коллегиалдуу чечим үчүн ушу тапта өзү жалгыз абакта отургандыгын, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ошол окуялар боюнча үн катуусу керектигин билдирген.

А. Бекназаровдун жактоочусу Айбек Турдуев мөөнөтү эскирген кылмыш иши кыскарууга тийиш болсо да, Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык, эскирген кылмыш иши боюнча адамды кармап, камоого тыюу салынса да, бүгүнкү күнү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ичинен бул мыйзам жалгыз Азимбек Бекназаровго гана колдонулбай жатканын айтты.

Адвокат Бекназаров айыпталып жаткан беренедеги кылмыш эксперттин, текшерүүлөрдүн, ревизиялардын, аудиттин актылары ж.б. документтер менен тастыкталбаса, олуттуу зыяндын же мыйзамсыз кирешенин суммасы жөнүндө маалымат жок болсо кылмыш иш козгоодон баш тартылууга тийиштигин белгилөөдө. Ошондой эле саясатчынын иши боюнча андай документтер 14 жылдан бери жоктугун кошумчалаган.

Ошондой эле Азимбек Бекназаров өзүнүн конституциялык укуктары бузулуп, мыйзамсыз камалганы боюнча президентке, Башкы прокурорго, тийиштүү сотторго кайрылганын, жыйынтык чыкпаса адам укуктары боюнча Эл аралык органдарга кайрылганга мажбур болорун кайрылуусунда жазган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Азимбек Бекназаров “2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысы” боюнча кармалганын билдирген.

Азимбек Бекназаров Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Последние новости