www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азимбек Бекназаров УКМКга суракка кирип кетти. Камалбайбы?

Бүгүн, 20-октябрда белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров УКМКга суракка чакыртылды. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалым болгондой, Бекназаровдун суракка чакырылышына анын видео кайрылуусу себеп болгон.

Өз кайрылуусунда Азимбек Бекназаров Кыргызстан тарапка өттү делген Ала-Бука жана Аксы районундагы жерлер башынан эле кыргыз тараптыкы болгонун, жергиликтүү тургундар кайсы жерлер өткөндүгүнөн кабары жоктугун айткан.

Азимбек Бекназаров УКМКга суракка саат 13:30га чакырылган, бирок саат 15:10 болсо да ал сурактан дагы деле чыга элек.

Белгилей кетсек, 15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы коюлган.

Эске салсак, буга чейин коомдук ишмер, экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун баласы Руслан Бекназаров ИИМ тарабынан кармалган. 

10-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Руслан Бекназаровдун бөгөт чарасын узартуу маселеси каралып, 12-декабрга чейин абакта калтырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости