www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азимбек Бекназаров: «Унчукпай коюуга укугум жок!»

«Акыркы жылдары бир эле Ширшов эмес, Бакиевдер менен качып кеткендер, сыртынан соттолгондор эч нерсе болбогондой же аларды Убактылуу Өкмөт саясый өңүттөн куугунтуктагандай  көрсөтүлгөн атайын саясат жүрүүдө», - деди бүгүн, 16-майда NazarNews маалымат агенттигине Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров.

- Азимбек агай өткөн жумада сиздин «Азаттык» радиосуна берген билдирүүңүздөн кийин, президенттин пресс-катчысы Ширшовдун үстүнөн козголгон кылмыш иштер болгонун сиздин айтканыңыз туура экенин расмий жарыялап, коомчулукта болуп жаткан талаш-тартышка чекит койгондой болду? Сиз билдирүүңүздө «президентти айланасындагылар же кайсы бир күчтөр коомчулукка жек көрсөтүү максатында атайылап адаштырып жатат» - дедиңиз эле. Ошондой экени далилденди. Ошондо президентти ким адаштырды деп ойлойсуз, эми алар жазасын алыш керекпи?

- Президенттин пресс-катчысы расмий билдирүү кылгандан кийин, Башкы прокурордун пресс-катчысы да Ширшовдун үстүнөн козголгон кылмыш иштерди айтып чыкты. Президент болсо, Ширшовду кабыл алардан мурда, Ширшовдун үстүнөн кылмыш иш барбы деп: УКМКдан, Башкы прокуратурадан, ИИМден сураганын, алар жок деп жооп бергенин, ошондон кийин Ширшовду кабыл алганын айткан туурабы?

Анда суроо туулат, президентти эмне үчүн Башкы прокуратура алдады? Эмне үчүн мен жана президенттин пресс- катчысы билдирүү кылгандан кийин гана прокуратура Ширшовдун үстүнөн кылмыш иштер болгонун ал штрафка, үч жылга соттолгонун айтып чыгышты? Эмне үчүн бул тууралуу президентке мурда айтпаган? Ошентип президентти алдаган Башкы прокуратура болуп калды да! Президент аларды кандай жазалайт, анын укугу!

- Ошол Башкы прокурордун пресс-катчысы сизге карата: «Эмне үчүн Бекназаров Убактылуу Өкмөттүн сот, прокуратура, тергөө, күч структураларынын координатору болуп туруп, бул тууралуу мурдагы бийликтердин астында маселе көтөргөн эмес» - деген сын айтты буга эмне дейсиз?

- Бул: «Осурган кыз, осурбаган кыздын бетин аймалайт» - дегенге окшоп калды. Себеби, президентти адаштырганы, коомчулуктан жашырылып келгени үчүн прокуратура президенттен жана элден кечирим сурашы керек эле! Анын ордуна эми Ширшов боюнча президентти адаштырган мамлекеттик уюм, прокурутура болуп калганы үчүн  журналистерди адаштыруу максатында пресс-катчынын мага карата беттырмаачылык кылган жеке пикири деп эле кабыл алдым. Бул жалпы прокуратура кызматкерлеринин же анын жетекчилигинин позициясы деп эсептебейм.

Анткени, бир эле Ширшов эмес, 2005-жылкы март, 2010-жылкы апрель элдик ынкылаптарынан кийин Акаев жана Бакиев жана алардын жакындарынын коррупциялык иштерин ашкере кылып, өмүрлөрүнө канчалык коркунуч келтирилсе да, мыйзамдуулукту туу тутушуп күнү-түнү иштеген  негизги мамлекеттик орган - бул прокуратура болгон.

Кечээ сүйлөгөн пресс-катчы сөөрөйлөргө окшогон президенттен бери адаштырып жаткандар, биринчиден ошол мекенчил, мамлекетчил, мыйзамчыл позицияда турушуп иштешкен өз кесиптеш-коллегаларынын иштерин жокко чыгарууда. Ал пресс-катчы, прокурор Ширшовко окшогондордун жардамы менен капталдан чыга келишкен прокурорлордон окшойт. Болбосо аны айтпайт эле.

Экинчиден, Убактылуу Өкмөттүн укук коргоо, сот органдарынын координатору катары, өлкөбүз Конституциялык талаадан аргасыз чыгып Убактылуу бийлик түзүлүп, негизги мамлекеттик саясый иш-чаралар Декреттер менен ишке ашырылып жаткан 2010-жылдын 8-апрелинен 2010-жылдын 27-июнуна чейин башкача айтканда, жаңы Конституция референдум менен кабыл алынганга чейин мен иштегеним тарыхый чындык!

Андан кийин Конституцияга ылайык сот, укук коргоо органдарын президенттер өзү координациялаган. Бул Конституциялык ченем! Мыйзамдуулукту көзөмөл кылган Башкы прокуратуранын пресс-катчысы ушуну билбей, «Бекназаров  эмне үчүн маселе көтөрбөгөн дегени - Ширшов маселесиндеги президентти, коомчулукту адаштырган арамза саясаттын уландысы деп түшүнөм. Анткени, президенттин билдирүүсүндө күнөө Убактылуу Өкмөткө багытталганы билинген да!

Учуру келип калганда «Бекназаровдун унчукпаганы» боюнча да айта кетейин:

Биринчиден, Бекназаров Убактылуу Өкмөт тараган 2010-жылдын декабрь айынан 2020-жылдын декабрь айына чейин мамлекеттик кызматта иштеген жок. Бирок, саясатчы катары эки элдик революциядан кийин козголгон кылмыш иштер жабылып, камакта турган, улутташтырылган объектилер кайра бөлүштүрүлүп жатканы боюнча 10 жыл бою тынбай күрөш жүргүзүп келди. Башкы прокурордун пресс-катчысы жана ошого окшогондордун «памятын» жаңылап коюу үчүн айрымдарын коомчулуктун эсине сала кетейин:

1.Кыйын оор күндөрү өмүрүн тобокелге салышып, элдик революцияны колдошкон «революциялык прокурор, тергөөчү, соттор» Бекназаров башкы прокурорлуктан, же кураторлуктан кетирилгенден кийин «Бекназаровдун кадрлары» делинип кызматтарынан четтетилип, алар тергеп жана карап жаткан кылмыш иштер баары токтотулуп же кайра акталып жатканы боюнча «Акипресс», «24 кж», «Кабар кж», «Назар ньюс» жана башка пресс борборлордо берилген пресс-конференцияларда нечен жолу айтылып, «Асман.кж», «Ачык саясат», «Алиби», «Майдан», «Жаңы Ордо», «Учур», «Азия ньюс» жана башка ондогон басылмаларда, «Унчукпай коюуга укугум жок» деген ат менен сериалдуу көлөмдүү макалалар фактылар менен кошо тиркелип жарыяланып келгени , интервьюлор берилгени ошол басылмалардын архивдеринде турса керек.

2.Нечендеген атайын өткөрүлгөн элдик курултайларда, илимий-практикалык конференцияларда,элдик демилге менен жазылган мыйзам долбоорлору менен да 2020-жылга чейин нечендеген иш чаралар менин демилгем менен өткөрүлгөн. Ошол билдирүүлөрдүн айрымдарынын топтому журналистер Ч. Кутманалиева жана Н. Тагаевдин жыйноосунда «Бизге кандай реформа керек» - деген ат менен өзүнчө китеп болуп 2016-жылы жарык көргөн. «Унчукпай коюуга укугум жок же Эгемен Кыргызстандагы коррупциялык схемалар» - деген китепчем 2013-жылы жарык көргөн.

3.Ошондой эле эки революциядан кийин качкын президенттерге, анын ичинде алардын Ширшовго окшогон жакындарына козголгон кылмыш иштер, алардын тагдыры боюнча фабулалары менен «Мен кыргызмын» деген 2016-жылы жарык көргөн эки томдон турган үчүнчү китебимде кенен айтылып, тизмеги тиркелип турат. Ал китептерде Эгемен Кыргызстандын 30 жылдык тарыхы ичинен изилденип президенттердин жеке бийлиги кантип орногон, мамлекеттик бийлик кантип узурпацияланган, үй-бүлөлүк башкаруу, анын кесепеттери, коррупциялык схемалар, Кумтөрдүн коррупциялык схемалары жана башка ичинен анализденип тарыхый документ, фактылар менен кийинки муун үчүн сабак болсо, тарых бурмаланбаса деген максат менен жазылган. Тилекке каршы, сабак чыгарылган жок, калп айтуу, кошомат кылуу, популизм, акчаң болсо кулуңмун саясаты кечээги пресс-катчы прокурорлор сыяктуулардын ооздору менен уланууда.

4.Мындан сырткары 2005-жылы мени башкы прокурорлуктан бошоткондо президент Бакиевден бир гана нерсени - прокуратура органдары тарабынан март ыңкылабынан кийин козголуп тергелип жаткан коррупциялык иштерди аягына чыгарууну сотко жиберүүнү сурангам. Жыйынтыгы тескери болгон үчүн экинчи элдик революция болду.

5.2010-жылы сентябрь айында президент Отунбаева Бакиев мага карата кылгандай эле жол менен иштеп жаткан башкы прокурор Ибраевди эч себепсиз эле кызматтан алып, бир күн да прокуратура системасында иштебеген Байболовду, көп өтпөй прокуратура системасында иштебеген Салянованы башкы прокурор кылып дайындады.

Кесепетинде 2-ынкылабдан кийин козголгон кылмыш иштер «сындырыла» баштады. Мен муну билип туруп унчукпай койгон жокмун. Жумушсуз жүрсөм да 2011-жылы Отунбаевага кирип баарын түшүндүрдүм. Ал туура түшүндү, Ибраевди туура эмес бошотконун мойнуна алды, бузулуп, сынып жаткан иштерди кайра түздөө үчүн аны Башкы прокурордун орун басары кылып  кайра дайындады.

Бирок, көп өтпөй 2011-жылдын аягында президент болуп келген Атамбаев Ибраевди тез эле кайра кызматынан кетирди. Атамбаевдин мезгилинде Кылмыш иштер эле эмес, бүткүл мамлекеттик саясаттарды өзүнүн шопур, катчылары менен башкара баштады. Мисалы Башкы прокуратураны бир күн укук коргоо системасында иштебеген Жолдубаевага, УКМКны Сегизбаевге, сот системасын өзүнүн аппаратында иштеген М. Арабаев дегенге башкартты. Кесепетин жакшы билесиздер. Батукаевден бери чыгарылды.

Мен адатымча «Унчукпай коюуга укугум жок» принцибимди туу тутунуп, Атамбаевге душман көрүнөрүмдү билсем да «Унчукпай коюуга укугум жок» деген ачык катты 2012-жылдын февраль айында эле жолдогом. Ошондон бир ай өтпөй ал мени чакыртып, катта жазылган маселелер боюнча сүйлөштүк.

Мен ага 2010-жылкы апрель революциянан кийин атайын түзүлгөн комиссиянын тыянагы менен Убактылуу Өкмөт тарабынан бошотулган Жогорку Соттун 10 судьясын, президенттин сунушу жок эле 5-чакырылыштагы парламент 2011-жылы, жеке арыздарынын негизинде өз алдынча карап, кайра ишине дайындап салышканын айтып:

Эмне бошогон адамдарды кайра ишине коюп Жогорку Кеңеш сот болуп калганбы? Конституция одоно бузулуп жатпайбы? - дедим. Ал окудум деди, себеби мен жогоруда көрсөтүлгөн катта жазган элем. Ошол 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 10 судьяны кайра мыйзамсыз кызматка дайындагандан кийин, ошол соттор  тарабынан,апрель революциясынан кийин козголгон кылмыш иштер 2012-жылдан тартып соттон сындырылып, аресте турган объектилер  бошотулуп талана баштаган.

Мисалы Убактылуу Өкмөт тарабынан улутташтырылган объектилер түптүгөлү менен ошол Жогорку Кеңеш аркылуу 2012-2013-жылдары фракциялар ортосунда «бөлүнүп» айрымдары «сотко кароо» үчүн атайын жиберилген. Аны ошондогу депутат, азыркы Өкмөт башчыбыз А. Жапаров жакшы билет.

Мисалы, ошондо «Ата-Мекен» фракциясына БНКнын заправкалары тийгенин коомчулук унута электир. Мыйзамдуулукту көзөмөл кылуучу орган- прокутура сырттан келген башкы прокурорлордун кесепеттеринен (К. Байболов, А. Салянова, К. Жолдубаева) мамлекеттик «НПО» деңгээлине түшүрүлгөн. Бул тууралуу Бекназаров 10 жыл бою тынбай какшап келди, китеп кылып да жазып койду. Ким ишенбесе менин «Мен кыргызмын» деген төрт томдук китебимди улуттук китепканага барып таап окууну сунуш кылам.

6.Убактылуу Өкмөттүн мезгилинде козголгон кылмыш иштер «сындырылып», качып жүргөндөр жашыруун келишип, арестеги мүлктөрүн чыгарып жатканы боюнча, айрым анын жакын адамдары аралашып жатканы боюнча 2019-жылы президент С. Жээнбековго айтканымда ал мени кунт коюп угуп, ушул боюнча башкы прокурорго барып айтып жол көрсөтүп койбойсузбу? - дегенинен Башкы прокурор О.Жамшитовко атайын барып жолугуп, айтып берип, китептеримди берип кеткем. Бирок ал убакта прокуратура, сотту А. Салиев деген Сокенин бир «деятели» башкарып калганынан улам эч кандай жыйынтык болгон эмес.

7.2021-жылы июнь айында  азыркы башкы прокурор К. Зулушловко атайын жолугуп, китептеримди берип, батамды берип эки ыңкылаптан кийинки козголгон кылмыш иштерге инвентаризация кылууну өтүндүм. Китептеги кылмыш иштердин тизмегинен бери көргөзгөм.

Айрыкча, Кумтөр алтын кени боюнча. Ал мага жаңы Конституция, мыйзамдар менен Атамбаевдин мезгилинде прокуратурадан алынган ыйгарым укуктарды, (анын ичинде тергөө жүргүзүү,) калыбына келтирилип жатканын, муну президент колдоп жатканын буйруса сиз айткан иштерге мыйзамдуу чекит коюлат деп мени сүйүндүргөн. Бирок…

8.Мына ушул айрым фактылар эле эмес, кечээ президентибизди кимдир бирөөлөр адаштырганда да, мүмкүн кандайдыр бир деңгээлде госэтиканы бузуп, бирок эл алдында, президент алдында атуулдук милдетимди аткарып үнүмдү чыгарганым да Бекнзаров «унчукпаган» деген дооматты четке кагат.

- Прокурордун пресс-катчысы баарын айттыбы же Ширшовго карата башка иштер болгонбу?

- Ал толук айткан жок. Мисалы, Ширшов издөөдө жүргөнүн, анын иштери сыртынан каралганын, издөө алынганбы алынса качан, ким тарабынан алынганын  коомчулукка айтпады? Ширшов акталбаганын айып пулга, жана мөөнөткө соттолгонун учкай айтканы менен убагында прокуротура соттун чыгарган чечимдерине канча сунуш келтиргенин же келтирбегенин да айткан жок. Издөөдө жүргөн Ширшовго окшогондор эмне үчүн ээн-эркин Кыргызстанда жүрөт? Аларды ким алып келген? Атайын кызмат эмне үчүн кармабаган? Көзөмөл органы прокуратура эмне иш аткарып жатат? Айтор көп суроо бар, Батыровдун өлкөдөн чыгып кеткени Ширшовго окшогондордун кайра өлкөгө киргенинин алдында «семичкадай» болуп калат!

- Эмне үчүн?

- Анткени ар бир кылмыш иштин артында чоң саясат жана  чоң акча жаткандай! Бүгүнкү бир ачуу чындыкты моюнга алуу керек. Акыркы жылдары бир эле Ширшов эмес, Бакиевдер менен качып кеткендер, сыртынан соттолгондор эч нерсе болбогондой же аларды Убактылуу Өкмөт саясый өңүттөн куугунтуктагандай  көрсөтүлгөн атайын саясат жүрүүдө. Негедир мамлекеттин, элдин душманы бир гана Убактылуу Өкмөт болгондой идеология жүргүзүлүүдө. Ошол идеология түпкүлүгүндө Бакиевчилердин иштерин кайра каратууга, легитимизация кылганга багытталгандай. Качып жүргөндөрдүн, сыртынан соттолгондордун  да өз иштерин кайра каратканга укугу бар дечи, бирок ал жашыруун жүргүзүлбөй ачык, мыйзам жолун, тартибин сактоо менен жүргүзүлүшү керек. Ширшовдун маселесин президент ачыкка чыгарбаса эч ким билбейт эле! Андайлар канчоо?! Ширшов сыяктуу эле алар менен кошо качып кеткен Боконтаевдин Улуттук банкка кызматка кайра келиши, шопурунун Санарип министри болушу Ширшов алда качан эле Кыргызстанга келип кадр маселесин чечип жатканынан кабар берет. Ширшовго окшогон Максимдин ондогон достору Кыргызстанды, иштеген иштерин таштап элдин каны төгүлгөндөн кийин эле өздөрү качып кетишкен. Убактылуу Өкмөт аларды куугунтуктаган жок. 2020-жылдын октябрь айындагы окуяда да бир топтор өз ишин таштап качканга окшош болгон.

Ширшов президентке кечээги кожоюну Максимдин 200 млн долларын бетине кармап келбей: «Ит болдум… кетирген күнөөлөрүмдү мойнума алам, зыянын толук төлөюн, мындан сырткары 200 млн. доллар «кусайын» - десе жарашмак! «Эмне үчүн качышты, кантип качан кайра келишти? - деп. Ширшов сыяктуу качып кетишкендердин үстүнөн козголгон ар бир иш боюнча парламентте ачык маселе көтөрүлүүгө жатат.

- Эмне үчүн парламент? Парламент ошондой маселе көтөрөт деп ишенесизби?

- Парламенттен башкасынын позициясын Ширшовдун ишинин мисалында билинбедиби! Парламентке да толук ишенимим жок. Себеби бир топ депутаттар жана бир топ маанилүү мамлекеттик бийликте олтургандар, убагында «бригада» деп аталып, Ширшов менен Максимдин «таштандысын» терип жеп жүрүшкөндөр.

Экинчиден «Ширшовдор» Кыргызстандын саясый системасына аралашып, президентке чейин кирип жатканы  ачыкталып калды.

Үчүнчүдөн, мезгилдин өзгөчөлүгү, саясый муундардын алмашуу процессинин толкуну менен, соцтармактардагы, пиар, популизмдин шары менен жеңил желпи парламентке келишкен көпчүлүк жаш депутаттар биз сөз кылып жаткан маселенин маңызы өтө терең экенин түшүнө бербейт, түшүнгөнчө убакыт өтүп кетет.. Түшүнгөн карт бөрүлөрү негизинен түпкүлүгүндө Бакиевчилер менен «табакташ»!

- Парламентте оппозиция бар да?

- Айтпадымбы парламенттеги «башкы оппозиционерлер» баш болуп, Бакиевдердин тойлорунда ырдап-бийлеп, тамада болуп жүрүшкөндөр. Алар кайдан маселе көтөрсүн!

- Коомдук Кеңеш, Оппозициялык кыймыл түзүлдү, ушулар илгерки сизге окшоп элдик курултай, пресс-конференция өткөрүп,  элге барып Акаевчилерди, Бакиевчилерди легалдаштыруу процесстерин токтото алабы?

- Талгарбеков башында турган Коомдук Кеңеш токтотпойт, ачык айтайын тескерисинче алар Бакиевчилерди, Ширшовдорду кайтаруу үчүн атайын түзүлгөн «кеңеш». Аны Талгарбеков ачык  айтты жана Акаевди мен алып келдим деп мактанып жүрөт. Ал эми Оппозиция кыймылы алсыздык кылат. Башка күч жок! Бирок улуттун, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн элдин байлыгын уурдап качып кеткендердин Ширшовко окшоп келип жаткандарына каршы турчу күч сөзсүз табылат. Мен ойлойм аны президентибиз өзү, колдойт жана башында болот деп!

- Азыр башкы прокуратура 2010- жылкы июнь окуясы боюнча күнөөлүүлөрдү издеп кылмыш иш тергеп жатат? Өзүңүз да сурак берип кеттиңиз! Ширшовго байланыштуу башкы прокуратуранын президентти адаштарып жатканынын бетин ачып койгонуңуз үчүн, алар сизден өч алып ошол иште сизди башкы күнөөкөр кылып коет же башка бир нерсени табат деп коркпойсузбу?

- Жакшы суроо болду! Биринчиден, июнь окуясы боюнча сурак берип келдим. Кээ бир Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө окшоп сурак берүүдөн качып, баш тарткан жокмун.

Экинчиден, эгерде Башкы прокуратура ошол ишти сотко жеткирсе,  мен соттон да качпайм, тескерисинче кеңири элдин өкүлү катышкан ачык сот өткөрүлүшүн талап кылам! Себеби, корко турган, жашыра турган эч нерсем жок! Ал эми «Башка бир нерселерди табышынан» да күмөнүм жок. Малайзияга атайын адам жалдап мени жок кылуу деле уюштурулушу мүмкүн.

Анткени маселе бир эле Ширшовдо жаткан жок. Өтө терең. Жок эле дегенде  илгерки Акаев, Бакиев, Атамбаев мезгилиндегидей мага каршы мамлекеттик деңгээлде кара пиар сөзсүз жүргүзүлөт. Ага ушул эле Ширшовдун, башкалардын эбегейсиз  арам акчалары жумшалат. Аткаруучулар Ак-үйдөн да, Көк-үйдөн да табылып, соцсеттери, дроль-мролдору «доконцалар» баары чекеден табылат! Президентке чейин кирген Ширшовдор кантип эле жөн жатсын! Бирок менде ишеним бар андайга Жапаров-Ташиев тандеми жол бербейт деген!

Эгерде жол берилсе пешенедеги жазганды көрөбүз. Акаевчи, Бакиевчилердин Ширшовго окшогондору менен: кечээ 9-майда Россиянын президенти В.Путин айткандай «убагында, мурда да күрөштө жеңгенбиз азыр да жеңебиз», же И. Сталин айткандай: «Мы победим, наше дело правое..» Чындык биз тарапта болот. Болгону Кыргызстанда чоң саясат башталат! Мен аны каалабайм! «Эки достун» бийлиги турганда мыйзам жолу менен баары чечилет деп тилек кылалы! Аларга бул иште моюнду ийинге катпай  атуулдук милдетти так аткарып жардам берели!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости