www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары Таиландда өткөн 20 жашка чейинки (U-20) спортчулар арасындагы Азия чемпионатында 1 күмүш, 4 коло утту.

Күмүш медалды Аскат Токтомамбетов (61 кг) тагынды. Ал эми Аден Сакыбаев (70 кг), Байтемир Түлөбердиев (74 кг), Кутман Төлөбалдиев (97 кг) жана Сулде Донгак (125 кг) коло байгенин ээси болду.

Эскерте кетсек, ушул мелдеште буга чейин грек-им балбандары 6 медаль (3 күмүш, 3 коло) жана балбан кыздар 4 байге (2 күмүш, 2 коло) утту. Азия чемпионаты 20-24-июлда болуп өттү.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости