www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Икрамовдун ордуна ким келээри күздө чечилет

Президент Садыр Жапаров бир мандаттуу №13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоону 22-сентябрда өткөрүүнү дайындады. Бул тууралуу мамлекет башчынын жарлыгы 25-июлда расмий сайтына жарыяланды.

Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз арызы менен тапшырган. Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын карап, мандатынан ажыраткан.

Икрамов депутаттыктан кетүү өз чечими болгонун Фейсбукка жазган. 

Ал эми, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 17-апрелде Шамалды-Сай шаарында Чек ара кызматында иштегендерге жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу иш-чарасында сүйлөп жатып, Жогорку Кеңешти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын билдирген.

Последние новости