www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

№166 автобуста чет элдик жаран каза болду

Бишкекте 24-июлда автобуста бараткан чет элдик жаран каза болду. Бул маалыматты Ленин райондук милициянын басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка ылайык, №166 автобус Чүй проспектиси менен чыгышты көздөй баратып, Үмөталиев көчөсүнө жеткенде 55-60 жаштагы жаран өзүн жаман сезген. Автобустун айдоочусу тез жардам чакырган. Тилекке каршы жүргүнчү дарыгерлер келгенге чейин каза тапкан.

Бул окуя тууралуу милицияга кабарланып, укук коргоо органдары териштирүү иштерин баштаган.

Милиция билдиргендей, маркум 54 жаштагы С.М. аттуу чет элдик жаран экени аныкталган. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык эспертиза дайындалган.

Учурда тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Последние новости