www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балбан Жоламан Шаршенбеков Жапониядагы Азия оюндарынын финалына чыкты.
Ал бүгүн, 1-октябрда грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашууда.
Кыргызстандык балбан мелдешти 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда кореялык спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңген. Чейрек финалдык беттеште Түркмөнстандын спортчусу Азатжан Очиловду 8:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан. Ал эми финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Ирак өкүлүн дагы мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Эми Шаршенбеков финалда өзбекстандык Алишер Ганиев менен беттешет.
Ал эми, балбан Акжол Махмудов коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Биринчи беттешинде жапониялык азыркы Олимпиада чемпиону Нао Кусака менен күч сынашып, ага туше менен утулган. Андан кийин жапониялык балбан катары менен эки жеңишке жетип, финалга чыкты.
Мунун аркасында Махмудов жубатуучу мелдеште коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Анын биринчи атаандашы казакстандык Демеу Жадраев болот.