www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 6-октябрда таймашка чыгат.

Тыныбекова күрөшкөн 62 кг салмакта жалпы 14 спортчу жеңүүчү болууга ат салышат. Бул салмакта эки спортчу кыз алтын алууга башкы талапкер болуп саналат. Алардын бири Айсулуу Тыныбекова болсо, экинчиси япониялык Нонока Озаки. Эки балбан кыз тең быйыл Сербияда өткөн дүйнө биринчилигинде дүйнө чемпиону болушту. Тыныбекова (62 кг) үчүнчү ирет дүйнө чемпиону наамына татыса, Озаки (65 кг) экинчи жолу дүйнө чемпиону атанды.

Буга чейин Тыныбекова менен Озаки 4 жолу беттешкен. Алардын экөөндө Тыныбекова утса, экөөндө Озаки жеңүүчү болуп чыккан. Эми алар Азия оюндарында бешинчи ирет кез келиши толук мүмкүн. Чүчүкулак эки балбан кыз чейрек финалда күрөшө тургандай түшкөн. Тактап айтканда, Тыныбекова менен Озаки 1/8 финалдагы биринчи беттештерин жеңсе, чейрек финалда күч сынашат.

Айсулуу Тыныбекованын биринчи атаандашы таиланддык Салини Шрисомбат болот. Ал эми Нонока Озаки вьетнамдык Тхи Ми Хань Нгуен менен таймашат.

Эскерте кетсек, бүгүн, 4-октябрда Азия оюндарынын алкагындагы күрөш боюнча мелдештер башталып, жарыштын биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча балбандар килем үстүнө чыкты.

Күрөш боюнча таймаштар 4-7-октябрда болуп өтөт. Грек-рим (4-5-октябрь), кыз-келиндер (5-6-октябрь) жана эркин күрөш (6-7-октябрь) боюнча мелдештер олимпиадалак салмак категориясы боюнча өткөрүлөт: грек-рим күрөшү – 60, 67, 77, 87, 97, 130 кг, эркин күрөш – 57, 65, 74, 86, 96, 125 кг жана кыз-келиндер күрөшү – 50, 53, 57, 62, 68, 76 кг.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости