www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Президент Дөөлөт Сыдыковду үч жолу чакырган, ал барбай койгондо мени чакырып, долбоорду көрсөттү», - деди бүгүн, 6-майда NazarNews маалымат агенттигине манасчы, «Манас» театрынын жетекчиси Азиз Биймырза уулу.
- Азиз, Дөөлөт манасчынын Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча эмне айта аласың?
- Эч нерсе айта албайм. Толук маалыматым жок...
- Президент Дөөлөт Сыдыковду чакырса өзү барбай койгон деген маалымат тарап жатат го?
- Ооба, үч жолу чакырган, ал барбай койгондо мени чакырды, долбоорду көрсөттү, мага жакты, колдодум. Долбоорду манасчыларга дагы көрсөттүм, жактырышты, азыр курулушту иштери башталып жатат. Ал эми Манас театрынын имаратынын пайдубалы башталды.
- Президент Маданият министри аркылуу коркуткан деп да жатышат го?
- Анысын билбейт экенмин...
- Бирок, Манасчынын жубайы капаланып, сага кызмат болсо эле болду экен деген комментарийлерди жазды го?
- Эми ага терикпейм деле, асылуулар ар кимдин өз абийири, мен атын атап эч кимге асылган жокмун, асылбайм. Менин өз максатым, планым бар. Айтуучулук өнөрдүн шедевр экенин сактоо жана пропагандалоо...
Белгилей кетсек, жаңы Ак үй салуу үчүн «Манас айылынын» 5 сотка жери алынып жатканы белгилүү болгон. Бирок ал комплекстин жетекчиси Дөөлөт Сыдыков жер берүүгө каршы чыгып, пикирин ачык билдирген. Кийинчерээк президент Садыр Жапаровго «Манас айылын» реконструкциялоо долбоору көрсөтүлдү.
Дөөлөт Сыдыков Кыргызстандагы таланттуу манасчылардын бири. Ал былтыр ноябрь айында «Ала-Тоо» аянтында ордунан жылбай 14 саат 27 мүнөт «Манас» айткан. Филологдор анда Сыдыков Манастын бабаларынан тартып, кыргыздын Алтайдан Ала-Тоого көчө турган мезгилине чейин айтканын билдиришкен. Андан сырткары, Сыдыков быйыл Москвада беш күн, беш түн улуу эпосту айткан.
Эске салсак, Дөөлөт Сыдыков 3-май күнү «Манас айылы» этнографиялык комплексинин директору кызматын тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткен. Манасчы буга өзүнө карата ар тараптан басым жасалганы себеп болгонун айткан. Бирок кысым ким тарабынан болуп жатканын ачык айта албастыгын билдирди.
Булак: NazarNews.kg